Анара Бейшекеева "Замана" таңкы программасында 16 жылдан бери эмгектенет. Алып баруучу "жумушту сүйсөң, таң атпай турмак түгүл, уктабай деле иштей бересиң" дейт. Түйшүктүү кесип ээси Sputnik Кыргызстан агенттигине жашоосундагы кызыктуу көз ирмемдерин айтып берди.
Журналистикага студент кезинде аралашкан алып баруучу
Теле тармагына 2003-жылы келдим. Улуттук университеттин журналистика факультетинин 3-курсунда окуп жаткан кезде КТРК менен окуу жай биргелешип сынак өткөрүп калышты. Калыстар тобунун ичинде "Замана" студиясынын продюсери Тамара Жаманбаева дагы бар экен. "Телеге иштейм" деп өтө деле жанталашкан эмесмин, бирок буйрук экен, Жаманбаева мени жактырып калып "Заманага" чакырды. Негизи радио кызматкери болгум келчү да. Ошентсе да "мындай мүмкүнчүлүк бериле бербейт" деп таңкы программага бардым. Жамаат мени жылуу тосуп алды. Бирок кыйынчылыктар болбой койгон жок. "Замана" студиясы ал кезде телемунаранын жанында болчу. Ал жакка чейин коомдук транспорт каттабай "эмне деген жерге жумушка кирип алгам" деп жинденген күндөр да өттү.
Жаңы жазган тексттеримди өзүмө окутушчу эмес. "Тамгалап, анан кичине баладай окуйсуң" деп башка бирөөлөргө карматып коюшчу. Микрофон кармагандан тарта камера алдында кандай туруп, кандай сүйлөөгө чейин эринбей үйрөтүштү. Ал үчүн жалпы жамаатка ыраазымын. Мындан сырткары, менин алып баруучу болушума Тамара Жаманбаеванын эмгеги зор. Башында эфирди орус тилинде алып барсам, 2-3 жылдан бери кыргызча чыга баштадым. Түз эфир алып баргандан тышкары сюжет жасайм, каармандын баарын өзүбүз табабыз.
Ар бир эфир мен үчүн — экзамен
"Замананын" ар бир эфири — мен үчүн чоң бир экзамен. Кандай гана кырдаал болбосун, эртең эфир дегенде эрте жатам. Кыздарым дагы "апам эс алсын" деп бири үй жыйнап, экинчиси тамак жасап, айтор, жумушума жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. "Уктап калбайын" деп өзүмдүн, жолдошумдун телефонун будильникке койсом, атабыз кыздарына "апаңар эртең менен турбай калат, телефонуңарды будильникке коюп койгула" деп тамашалап калат. Айтор, үй-бүлөм чыгармачылыгымды, ишимди колдойт.
Ата-энемдин көкүрөк күчүгүмүн
Чүй облусунун Кемин шаарчасында төрөлгөм. Атам өмүр бою ошол аймакта автобазада эмгектенип, ардактуу эс алууга чыкса, апам бүт жашоосун соодага арнаган адам. Үйдүн көкүрөк күчүгүмүн. Апамдын 40 жашында боюна бүтүп калып, "карыганда келин-кыздарың менен кошо төрөйсүңбү" деп жеригендер да болуптур. Бирок апам бойдон алдырбай, ичин таңып жүрүп кош бойлуу экени жети айында гана билиниптир. Аны уккан туугандар "кечке таңып жүрсөң, оңураак бала төрөлсө экен" деп сарсанаа болот. Апамдын айтымына караганда, чоң салмакта төрөлүптүрмүн. Энем азыркыга чейин "кырктын кырында ырас эле кыз төрөп алыптырмын" деп айтып калат. Үй-бүлөдө эки эркек, эки кызбыз. Байкелерим Кемин шаарчасында эле турат, улуу эжем болсо дарыгер. Негизи үйдөгүлөр мени да "дарыгер бол" деп жүрүштү. Бирок мектептен эле чыгармачылыкка жакын болчумун. Окууну аяктагандан кийин журналистикага тапшырып өтүп кеттим, ошону менен ушул кесипти аркалап келатам.
Таластын келини, чек ара кызматкеринин жубайы
Апамдын улуу эжеси Таласка турмушка чыккан. Алыс болуп көп катташа албагандыктан атам "кызым күйөөгө алыс кетпе, Таласка келин болбой эле койчу",- дей берчү. Бирок атамдын ою оңунан чыкпай (күлүп), кудай буюруп Таласка келин болуп калдым. Азыр жолдошум атамдын эң сүйүктүү күйөө баласы. "Заманада" иштеп баштаганыма бир жыл болгондо болочок жолдошум менен тааныштым. Көрсө, ал таластык бөлөлөрүм аркылуу мен жөнүндө маалымат алып, эфирден көрүп жактырып калыптыр.
Жолдошум менден алты жаш улуу, чек ара кызматкери болуп иштеп азыр ардактуу эс алууда. 14, 12 жана алты жаштагы кыздарыбыз бар. Улуу кызым экөөбүз чогуу жүрүп калсак, эже-сиңдисиңерби деп сурашат. Жолдошум болсо, Чалдыбар өткөрүү бекетинде көп жыл иштеди, андан соң "Манас" эл аралык аэропортунда кызмат кылып жүрүп, бир жылдай Шамалды-Сайда да кызмат өтөдү. Жалал-Абадга кеткен жылы мен кызымды жаңы төрөп бара алган жокмун. Бир жыл үч кызым менен жалгыз жашадым. Ортодо алыстык болсо, жубайлардын бири-бирине болгон сүйүүсү, мамилеси билинип, бекемделет экен. Ошол учурда аябай эле кыйналгам. Негизи эркектин өз орду болот эмеспи. Атабыз үйдө жок болсо жарык өчүп, лампочка жарылып же дагы бир нерсе болуп кетет, ал киши үйдө болсо төгөрөгүбүз төп болуп эле отуруп калабыз.
Радио же гезитте өзүмдү сынап көргүм келет
Апам айткандай, "дарак бир жерден көгөрөт" деп "Замана" студиясында 16 жылдан бери иштеп келе жатам. Жамаатка, жумушка көнүп алгандыктанбы, айтор, башка жакка кетким деле келбейт. Саясаттан алысмын, ошондуктан жаңылыктарга сунуштаса да, иштемек эмесмин. Бирок өзүмдү радио, гезит же маалымат сайттарында иштеп сынап көргүм келет. Анын үстүнө башында радио кызматкери болгум келчү.