Эркектерди таң калтырды. Автоунаанын тетиктерин жатка билген кыздын видеосу

Жазылуу
Айсулуу Асанбекова КТРКнын "Замана" таңкы берүүсүндөгү "Айда, авто" рубрикасын тогуз жылдан бери алып барат. Аталган мезгилден бери темир тулпарга жакын бул журналист кыздын адистерден алып берген кеп-кеңештерин кыргызстандыктардын арбыны угуп, көргөн.

Sputnik Кыргызстан Асанбекованын автоунааны канчалык деңгээлде жакшы билерине кызыкты. КТРКнын журналистин Бишкек шаарындагы автоунааларды оңдоочу бир нече жайларга алып барып, тетиктердин майда-чүйдөсүнө чейин сурадык. Андан соң биздин каарманга байкоо салып турган автомеханиктерди кепке тартып, билимин баалап берүүсүн өтүндүк.

Ал арада Асанбекованын – кыз баланын кантип техникага кызыгып калганын сурадык. Баары жарышуудан башталыптыр.

"Тогуз жыл мурда Бишкек шаарына жакын аймактагы эски аэропортто автоунаалардын жарышын тартам деп камынып, бирок кечигип калыптырмын. Улам акмалап, кийинкисин издей баштадым. Көп өтпөй Байтик дөңсөөсүнүн ары жагындагы жүгөрү талаасындагы жарышты тартып келдик. Эми ал жер өзүнчө бир дүйнө. Автоунаалардын ылдамдык менен айдалгандагы үнү, дөңгөлөктөрдүн чимирилгени, аларды коштогондордун кыйкырык- сүрөөнү, албырган жүздөр, толкунданган адамдар… Келип сюжет жасасам, жакшы чыкты. Кызыгуум арта түштү. Анан Ысык-Көлгө барып, жолтандабастардын кумдагы жарышын чагылдырдым. Ошондон тарта автоунаага байландым да калдым", — деп күлүп айтып берди Асанбекова.

Ошентип Айсулуу биз менен бир нече жайды кыдырып, автоунаалардын капотун ачып көрүп, асылып тургандарынын астынан лампа алып карап, текшерип чыкты. Тектиктердин кайсыны алмаштырылгандыгын, кайсынысы өзүнүкү экендигин түшүндүрүп берүүгө аракеттенди. Май болгон колдорун аарчып жатып, атайын билими жоктугун, бирок маалыматы бардыгын кошумчалады.

Баткендик уста аял Сайрагүл Жумабаева 20 жылдан бери тигүүчү машина оңдоп келет - Sputnik Кыргызстан
Баткендик уста аял Сайрагүл Жумабаева 20 жылдан бери тигүүчү машина оңдоп келет
Бир барган автонууларды оңдоочу жайдын ээси, автомеханик Евгений журналисттин кээ бир жерден жаңылганын, бирок негизинен тетиктердин кайсынысы алмаштырылгандыгын туура айтканын эшиттик.

Ал эми башка бир жайдагы автомеханик Айсулуунун билимине беш коерун айтты.

"Негизи жаман эмес. Айрым тетиктерди кесипкөй катары эмес айтса, бир тобун туура айтып, көрсөтүп, эмне кызматты аткараарын баяндап берди. Бул кыздар үчүн жакшы көрүнүш. Мен Айсулууга беш коет элем", — деди автомеханик Алексей Нестеренко.

Ал арада Айсулууга кайрадан суроо узатып, эфирден сырткары замандаштарына кантип кеп-кеңеш берерине кызыктык.

"Таксиде кетип бара жатып, автоунаа калдырап же титирегенин байкасам, унчукпай кое албайм. Тигил же бул тетигин алмаштырып коюш керектигин айтсам, кайдан билесиз деп таңгалып карап калган учурлар болот", — деди биздин маектеш.

Өрүктөр уктаганда иш башталат. Баткендик Момунов кыл кыякты кантип жасарын айтты - Sputnik Кыргызстан
Өрүктөр уктаганда иш башталат. Баткендик Момунов кыл кыякты кантип жасарын айтты
Кызыгы, "Айда, автонун" автору темир тулпарды мингенге кызыкпайт экен, себеби жоопкерчилиги чоң дейт.

"Автоунаа айдаганга зарылдык жок, үйүм ишиме жакын. Техниканы да багыш керек да, кийинтип-ичинтип, өтүк алып берип дегендей (күлдү). Аны үй-бүлө мүчөлөрүндөй кароого туура келет. Андыктан балдарыбызга, мага күйөөмдүн автоунаасы жетиштүү", — деди ал.

Анткен менен автокөлүктүн жакшысын да, жүдөөсүн да көргөндө кайдыгер өтүп кете албастыгын кошумчалады.

"Кир, сырткы көрүнүшү көңүл ооруткан автоунааны көрсөм, аяп кетем. Ичимден кожоюну каякты карайт деп коем. Албетте, жакшынакайларын көчөдөн байкап калсам, улам кылчактап карай берем", — деп күлдү.

Акыркы сыноо катары Айсулуудан дөңгөлөктү өз алдынча алмаштыра алар-албасын сурадык.

"Дөңгөлөктү өз алдымча алмаштырып көргөн эмесмин, ал иш башыма түшө элек. Бирок көрүп жүрөм, жасап кетсем керек", — деди биздин каарман.

Дөңгөлөк демекчи, кышкысын унаага кандай дөңгөлөк сатып алуу керектиги жөнүндө Sputnik Кыргызстан жасаган инфографикадан маалымат алсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0