Жоголгондорго издөө салып бирин Кыргызстандан, башкаларын чет өлкөдөн таап берген программанын алып баруучусу жана автору менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева баарлашты.
— "Кайдасың?" берүүсүнүн эфирге чыга баштаганына канча жыл болду? Программанын жаралыш тарыхына токтолуп кетсеңиз.
— Издөө иштерин кантип жүргүзчү элеңер?
— 10 жыл аралыгында бизге алты миңге чукул адам кайрылды. Издөө иштерин жүргүзүү башында азыркыга салыштырмалуу кыйын болчу. Бүгүнкүдөй социалдык тармак, интернет күчтүү эмес. Мамлекеттик органдар, эл аралык, коомдук уюмдар көп жардам берди. Алсак, "Кызыл крест" жана "Кызыл жарым ай" эл аралык уюму, согушта жоголгондорду издеген "Эрдик" коомдук фондусу жардамын аяган жок. Тынбай издөө иштеринен улам жоголгон 6000 кишинин үч миңин таптык десем жаңылышпайм. Ар бир эфирге жок дегенде табышкан бир үй-бүлөнү же туугандарды чыгарчубуз. Кадр сыртында табышкандар да көп болду. Алардын эфирге чыкканга же келгенге мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин билдик. Анын үстүнө табышкандардын көбү социалдык жактан колдоого муктаж адамдар экен, көбү чет өлкөдө да болуп калчу.
— Жүрөк ооруткан тагдырларды көп көрсөңүз керек?…
Мындан сырткары, үйүндөгүлөрүнө айтпай чет өлкөгө кетип, 10-15 жылдан кийин табылган адамдар болду, кытайлык кыргыздардан тууган тапкандар да программабызга чыкты.
— Күч органдары менен тыгыз байланышта иштешсеңер керек?
— Албетте. Кээ бирөөлөр күч органдарына кайрылып, жыйынтык чыкпай калганда бизге келишет. Кырсык, кылмыш иштерине кириптер болуп жоголгондордун сөөктөрүн моргдон тапчубуз. Кайсы жылдар экени эсимде жок, бир аксакалдын сөөгү моргдо көп убакытка чейин туруп, кийин жалпы мүрзөгө коюлуп калыптыр. Издеп-иликтеп отуруп 4 жылдан кийин таап, бала-чакасы кайра казып алып кетишкен. Мындан сырткары, кылмыш кылганын билбей тууганын түрмөдөн тапкандар да кездешкен.
— "Кайдасың?" телеберүүсүнөн сырткары башка программаларыңыз барбы?
— Коомдук биринчи каналга келгениме 24 жыл болду. Алгачкы ишимди режиссердун ассистенти болуп баштагам. Андан кийин укуктук-маалыматтык программада, музыкалык берүүлөрдө, балдар студиясында, айтор, ушул эле имараттын ичинде бирок ар кайсы бөлүмдө эмгек кылдым. "Кайдасың?" берүүсүн башында беш кишиден турган топ алып чыкканбыз. Бирок бара-бара кыскарып отуруп азыр өзүм эле жалгыз калдым. Берүүнүн редактору, автору, алып баруучусу дагы менмин. Бул программа аябай көп убакытты, анан эмгекти талап кылат. Редакторлук жумуштан сырткары издеп-иликтөө деген бар, каттар келет, аларды иретке келтирем, жолугушуулар бар. Берүү эки айда бир чыкканы менен ошончо жумушту талап кылат. Учурдан пайдаланып менин жумушума келип бекер эле жардам берген студенттерге ыраазычылык билдирип кетем.
— Жеке жашооңуз тууралуу да азыноолак кеп кыла кетсеңиз?
— Сизчи? Ошол бойдон турмуш курган жоксузбу?
— Жок. Башыман кыйын күндөрдү өткөргөндөн кийин шаарга кеттим. Апам, туугандарыма айтпай Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырдым. "Кокус окуудан чыгып калсам уят болом" деп 4-курска чейин үйдөгүлөргө окуп жатканымды айтпай жашырып жүрдүм. Атамдын карындашынын үйүндө турчумун. Аларга да эч кимге унчукпоону сурангам. Ошентип апамдар менин чын эле жогорку билим алганымды КТРКда иштей баштаганда билишкен. Кайра турмуш куруу тууралуу андан кийин ойлонгон да жокмун.
— Он бир тууганмын деп калдыңыз. Чыгармачыл чөйрөдө сиз элесизби же?
— Алдыда кандай пландарыңыз бар?
— Алдыда көп план, ишке аша элек көп долбоорлорум бар. Бирок аларга "Кайдасың?" телеберүүсүнүн түйшүгү көп болгондуктан колум тийбей жатат. Буюрса, акырындык менен ишке ашырам деп ойлойм.