Акыркы учурда коомчулукта пенсияга байланыштуу түрдүү талкуулар жүрүүдө. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги мамлекеттик кызматта эмгектенип жаткан жана мурун иштеген аттуу-баштуу адамдар канча пенсия ала тургандыгын тактап көрдү.
Мурдагы депутат, вице-премьер, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, учурда акыйкатчы болуп эмгектенген Токон Мамытов 40 миң сомго жакын пенсия алат.
Кезинде вице-президент, премьер-министр, борбор калаанын мэри болгон генерал-лейтенант Феликс Кулов айына 38 миң сом пенсия алат.
![Депутат Жогорку Кенеша 5-го созыва Феликс Кулов Депутат Жогорку Кенеша 5-го созыва Феликс Кулов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102961/08/1029610886_0:0:2835:2044_600x0_80_0_0_8e7625260091a86617fc31bf1b2a5b31.jpg)
Атактуу хирург, Кыргызстандын баатыры, өмүрүн медицина тармагына арнаган Эрнст Акрамовдун пенсиясы 20 миң сомду түзөт.
![Выдающийся хирург, Герой Кыргызстана Эрнст Акрамов Выдающийся хирург, Герой Кыргызстана Эрнст Акрамов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102697/38/1026973882_0:0:1958:1273_600x0_80_0_0_52e9212823c98497d1ee574a36890150.jpg)
Жогорку Кеңештин эки жолку төрагасы, вице-премьер, Улуттук илимдер академиясынын президенти жана губернатор болуп иштеген Абдыганы Эркебаевдин пенсиясы 23 миң сомго жетет.
![Президента Национальной академии наук КР Абдыганы Эркебаев Президента Национальной академии наук КР Абдыганы Эркебаев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102997/48/1029974824_0:0:1600:1053_600x0_80_0_0_0ec87356459537548d5a6a87b54f5a3c.jpg)
Мурдагы билим берүү жана илим министри, профессор Ишенгүл Болжурова 16 миң сом пенсия алат. Ал агартуучулук тармагында 50 жылдай эмгектенген.
Легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев учурда пенсия албайт. Ал мамлекеттик кызматта 60 жылдан ашык эмгектенген. Айыл чарба тармагына эмгеги сиңген инсан 1990-жылдары пенсияга чыкмак. Бирок ал калктын социалдык оор абалын эске алып, мамлекеттен акча алуудан баш тарткан. Ошондон бери илимпоз өлкө казынасынан бир дагы тыйын ала элек.
![Депутат легендарного парламента, общественный деятель и ученый Жамин Акималиев Депутат легендарного парламента, общественный деятель и ученый Жамин Акималиев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103344/98/1033449848_0:0:3666:2444_600x0_80_0_0_89267a230054bbfef473a11d40371e0e.jpg)
СССРдин жана Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты болгон 91 жаштагы атактуу хирург Мамбет Мамакеев 60 миң сомго жакын пенсия алат.
![Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102948/93/1029489344_0:0:5594:3734_600x0_80_0_0_ba071af3bbf0d083c9a1151363b38792.jpg)
Жогорку Кеңештин экс-спикери, билим берүү тармагында көп жыл иштеген окумуштуу Зайнидин Курманов ай сайын 14 миң 200 сом алат.
![Зайнидин Курманов Зайнидин Курманов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101330/86/1013308673_0:0:1000:706_600x0_80_0_0_8db1b7c9ac8d02f9055301c2d92cbc31.jpg)
Экс-президент Роза Отунбаева учурдагы өлкө башчынын айлыгынын 75 пайызын алат. Ошондуктан анын өлчөмү өзгөрүп турат.
![XI Форум творческой и научной интеллигенции стран — участниц СНГ XI Форум творческой и научной интеллигенции стран — участниц СНГ - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102998/92/1029989278_0:0:3540:2360_600x0_80_0_0_fb0f2dddbc0e44a29c9b3b7abf3833a7.jpg)
Маалыматтар инсандардын өздөрүнөн такталды.