00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Абдышүкүр Нарматовдун үйүн карактагандар табылды. Башка кылмыштары да ачыкталууда

© Фото / Руслан АбдрахмановДин аалымы Абдышүкүр Нарматовдун архивдик сүрөтү
Дин аалымы Абдышүкүр Нарматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция Жылдызбек Бекмурзаев аттуу жаранга издөө салып, "жалгыз жарым кармайбыз деп тобокелге барбагыла, ал куралдуу жана кооптуу" деп эскертти.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. ИИМ Дин аалымы Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө кирген жана дагы бир нече оор кылмыштарды жасагандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экендигин аныктап, алардын биринин изине түштү. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Криминалык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери кооптуу кылмыш тобунун изине түшүп, алар жасаган оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачты. Кылмыштуу топтун бир нече ирет адам өлтүргөн, курал менен кол салган, каракчылык жана чоң уурулук жасаган мүчөсү кармалды", — деп билдирди Ички иштер министрлиги.

Акчага туйтунуп, адам канына забын болгондор

Милициянын берген маалыматына караганда, алар бир нече миллиондогон акчаларды уурдап, адам канына забын болгон.

Коррупция в КР - Sputnik Кыргызстан
Уурунун кылтагына илинген атактуулар. Чачылган үй, 30 миң доллар, зер буюмдар
Алар быйылкы май айында дин аалымы Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө ууруга кирип, бир айга жетпеген убакытта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылындагы акча алмаштуруучу жайдан 850 000 сомду карактап кетишкен. Ал эми кылмыш учурунда пайдаланылган "SsangYong Musso" автоунаасынын ээсинин, таксист болуп иштеген 57 жаштагы Юсуфовдун сөөгү үч күндөн кийин ошол айылдагы жардан табылган. Милиция анын кыйнап, өлтүрүлгөндүгүн айткан.

Көп өтпөй Жалал-Абадда "Лига-Трейд" ишканасынан 290 000, "Партнер-Нефть" компаниясынан акча жана 450 тонна майдын талону, көп өтпөй Ош шаарындагы "Даннур-Юг" фирмасынан 60 миң доллар жана 2 миллион сом уурдалып, жалпы чыгым 7 миллион сомдон ашкан.

Ал эми былтыр да бир катар компанияларды карактаган, алардын ичинен 2017-жылдын февралында Бишкек шаарындагы "Цзи Сянь" кытай ресторанына жасалган каракчылык коомчулукка дүң болгон. Бул топтун иши улана берген. Көп өтпөй мартта "НСК" камсыздандыруучу компаниясы, андан соң "Прод-Импекс" ишканасы каракталып, ири суммадагы акча уурдалган. Аларга кошумча "Фирдаус" жана "Трейд", "Крос Инк" фирмалары жабыр тарткан.

Бул кылмыштуу топтун Россияда жашырынып жүргөн мүчөсү Москванын тартип коргоо органдарынын кызматкерлери менен чогуу аталган калаадан кармалган.

Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баңгизат саткан майыптар, тонолгон Илимдер академиясы. 90-жылдардагы кылмыштар
Таратылган маалыматта ИИМдин криминалдык милициясынын ыкчам тергөөчүлөрү жогорудагы кылмыштарды жасады деп шектелгендердин ким экендигин иликтеп, иштин учу чыга баштаганда алардын артынан түшкөндүгү айтылат. Алар шек алып калып, изин жашырып, турган жерин улам алмаштырып, изин жашырып, ар кайсы аймактарга сиңип кетип турган.

Жиптин учугу

2018-жылдын август айында милиция Ысык-Көл облусунан жогорку кылмыштарга шектүү деп ушул эле облуста туулган 25 жаштагы Б.Ы. аттуу жаранды кармаган. Маалыматта ал буга чейин уурулук, бейбаштык жана баңги заттарына аралашканы үчүн соттолгону айтылат.

"Милициянын ыкчам кызматкерлеринин буга чейинки шеги туура болуп чыкты. Анын шериги Талас облусунда туулган, буга чейин аял зордуктоо, каракчылык үчүн издөөгө алынган 32 жаштагы Жылдызбек Бекмурзаев аттуу жаран болуп чыккан. Ага Кыргызстанда жана бир нече оор кылмыштар үчүн Казакстанда издөө жарыяланган", — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

2017-жылы ИИМ Бишкек жана Чүй облусунда бир нече оор кылмыштарды жасаган уюшкан кылмыштуу топ кармалгандыгын кабарлаган. Алардын эсебинде бир нече оор кылмыштар — талап-тоноочулук жана ири көлөмдөгү куралдарды уурдоо боюнча күнөө тагылган.

Суд над членом женской панк-группы Pussy Riot - Sputnik Кыргызстан
Тергөө абагына дагы бир гинеколог түштү. Бала саткандар тууралуу жаңы маалымат
Ал эми аны уюштургандардын бири качып кетүүгө үлгүргөн. Анткен менен ИИМ кызматкерлери анын кайда жүргөндүгүн аныктап чыккан. 2017-жылдын 21-июлунда Казакстандын Костанай шаары менен Кыргызстандын ички иштер органдарынын тиешелүү бөлүмдөрү биргеликте иштеп алып барып, издөөдөгү Жылдызбек Бекмурзаевди кармаган. Ал Казакстандын чек арасына мыйзамсыз өтүп, Алматы, Тараз, Костанай шаарларында жашырынып жүргөн. Аны мекенине кайтарып берүү маселеси көтөрүлгөндө, казак бийлиги Бекмурзаевди экстрадициялоодон баш тартып, чек араны мыйзамсыз өткөндүгү үчүн жарым жылга эркинен ажыратып, абакка кескен. Ал көп өтпөй түрмөдөн качып кеткен. Казакстан ага издөө жарыялаганы менен үйүнө кайтып келген Бекмурзаев жаңы кылмыш тобун негиздеген. Ошол топ менен жогоруда саналган, 2018-жылда болгон бир нече кылмаштарды жасаган деп шектелүүдө.

Жалгыз-жарым кармайбыз дебегиле!

ИИМдин Криминалдык милициясы жарандарга кайрылып, бул адам тууралуу маалымат билсе, милициянын (312) 26-62-61; (550) 101-086; (558) 919-199; (559) 148-310 номерлүү телефондоруна кайрылып, маалымдоону өтүнөт.

Маалыматтын купуялуулугу сакталып, сыйлык карала турганы айтылды. Милиция бул адам куралдуу жана кооптуу болгондуктан, аны көргөн-билгендер өз алдынча кармоого аракет кылбаш керектигин эскертет. Учурда ИИМдин Криминалдык милиция кызматы аны кармоо үчүн тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүп жаткандыгы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0