00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Праздник, шашлык и скандал: почему длинные выходные опасны для многих семей
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын жапайы жоогазындары: жоголуп кетүү коркунучу жана аларды коргоо чаралары
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги транспорттук-логистикалык интеграция кандай абалда — транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, санариптештирүү
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баткенде "Айгүл гүлү" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чараны дүйнөлүк деңгээлдеги брендге айлантуу мүмкүнбү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кызматкердин укугу — биринчи орунда: бүгүнкү күндө кесиптик бирликтердин ролу кандай?
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Уурунун кылтагына илинген атактуулар. Чачылган үй, 30 миң доллар, зер буюмдар

© Sputnik / Жоомарт УраимовКоррупция в КР
Коррупция в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уурулар негизинен баалуу буюмдар менен акчаларды алып кеткен. Айрымдарынын иши сотко өткөн.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовдүн үйүнө 3-майда таңга жуук ууру кирип, баласынын бутуна ок жаңылган. Милиция аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин уурулук жана каракчылык беренелери боюнча кылмыш иш козгоду

Ушул окуядан улам элге төбөсү көрүнүп калган дагы кайсы адамдардын үйүнө ууру кирип, ал ЖМКларда жарыяланганына Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыгып көрдү.

Саламат Садыкованын үйүнө кирген ууру 30 миң доллар алып кеткен

Кыргыз эл артисти Саламат Садыкованын үйүнө 2014-жылы декабрь айында ууру кирип, зер буюмдарын жана 30 миң долларын алып кеткен. Эл артисти 3-декабрда милицияга арыз менен кайрылган. Ал эми арадан эки жыл өткөндөн кийин 2016-жылы мартта бул иш сотко өткөнү маалым болгон.

Үйүнө алты жолу ууру кирген Айбек Карымов

Эстрада ырчысы Айбек Карымовдун үйү акыркы эки жылда алты жолу тонолгон. 2017-жылы беш жолу, жыл башында бир жолу үйүнө ууру кирип, жалпы бир миллион сомдон ашык чыгым келтирген. Ырчынын 20дай коңшусу да уурулардын курмандыгы болгон.

Кайрат Примбердиевдин үйүнө кирген ууру да куру кол чыккан эмес

2016-жылдын аягында ырчы Кайрат Примбердиевдин да үйүнө ууру кирип, 3 миң долларлык баалуу буюмдарын көтөрүп кеткен. Ырчынын айтымында, уурулар үч сааттын ичинде эле үйдү "тазалоого" жетишкен. Примбердиев Сокулук РИИБине арыз жазып, милиция уурулардын манжа издерин алганы айтылган.

Текебаевдин батирине кирген ууру

Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин батирине дагы 2016-жылы ноябрь айында ууру кирген. Текебаев жубайы Айгүл Текебаева менен үйүнө журналисттер жана милиция кызматкерлери менен чогуу кирип, үйүнүн ичи чачылганын көрсөткөн. Тийиштүү органдардын кызматкерлери манжа издеринин үлгүлөрүн алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0