"Балдарды коргоо борборунун" координатору Роза Сулайманова 20 жылдан бери балдарды, эмнегедир өз ата-энелерине керексиз болуп калган наристелерди канатына калкалап келет. Бул убакыт аралыгында ал эмнелерди гана көрбөдү дейсиз…
— Ташталган балдардын басымдуу бөлүгү эмгек мигранттарынын уул-кыздары деген көндүм пикир бар…
— Соңку кезде мындай балдардын саны чындап арбып барат. Бул мындай нукта жүрүүдө: аял балдарын агасына табыштап, Россияга акча табууга кетет. Бизде ушундай эмеспи? Эгер ага жана карындаш өз ара макулдашса, жеңеси анын балдарын тарбиялоого милдеттүү.
Алардын уктаарга орду жок, акчасы жетишсиз экендигин ойлонгон киши аз. Бир убакта балдардын энеси "Азыр ишим жок" деп Россиядан акча жөнөткөндү токтотот. Азабын аманат балдар тартат: багып жаткандардын кыртышы сүйбөй караганын алар деле аңдайт эмеспи. Өз баласын кучагына кысып, курсагын тойгузган аял аманат балдарга мээрим артпайт.
Улам келерин убада кылат: январда, июлда, эми октябрда дейт… Ал эми уулдары ага куса болуп жатат! Кенжеси болгону алты гана жашта, эркине койсок, көчөдө отуруп алып, апасынын келер жолун карамак. Бардык балдар өз энесин жакшы көрөт.
— Балдарын таштап кеткен энелер көп өкүнүшөбү?
— Эч бирин айыптагым жок. Бир учурга күбө болдук, аялы күйөөсүнөн кетип калат. Уулун өзү менен кошо алып, кызы атасынын колунда калат. Алты жашка толгон кезинен тарта ата сөрөй кызын зордуктай баштайт.
Ал киши өлкөнүн ар кай бурчунда курулушта иштеп, кайда барбасын кызын жанына ала жүрчү экен. Кызына: "Сен коркпо, бардык аталар өз кыздары менен ушундай "оюн" ойнойт" деп түшүндүрүп жүрүптүр.
Кыз 14 жашка чыкканда алар кезектеги батирге киришет. Кожейке менен жалгыз калганында өспүрүм ага баарын айтып берет. Үй ээси дароо милиция чакырат, ал эми атасы качып жоголот. Ошентип кыз бизге келди.
Албетте, бул кыздын энесине күнөө тагуу оңой, бирок ал башынан эмнелерди өткөргөнүн өзүнөн башка ким билсин. Биз аны таптык, күйөөсү кол көтөргөнүн, кантип уулу менен үйдөн качып чыккандыгын айтып берди. Көп ирет кызы менен көрүшүүгө аракет кылганы менен күйөөсү балага эч жолотпоптур. Кийин кызынын башына келген балээден эч кабарсыз Россияга жол тартат.
— Өзүңүз да жүрөк тилген иштерди иликтөөгө катышып, сотто күбө катары өтүүгө аргасыз болосуз да…
— Ооба. Бизге бир жолу ага-карындаш түштү: бала 12, карындашы 11 жашта. Кыз менен баарлашканыбызда энесинин көңүлдөшү аны зордуктаганын айтып берди. "Мында апам, мен, анан ал киши, андан ары байкем жаткан" деп тестиер кыз майда-чүйдөсүнө чейин баарын айтып берди. Дароо милицияга арыз жаздым.
Кийинчерээк ал кызды күнөөлөй баштады: "Мен сени сүйдүм го! Биз экөөбүз өбүштүк го…" дей берди. Кыз болгону 10 гана жашта, тигил киши отуздан ашкан!? Менимче, ал өмүр бою эркинен ажыратылды окшойт.
— Энеси эмне кылды ал убакта?
— Аны көрүүгө үлгүрбөй кетти энеси. Маркум аялды каалашыбызча айыптайлы, бирок барар жери болбоптур. Тиги эркек менен таанышканына чейин батирине акча төлөй албай көчөдө калган экен.
Жанагы киши менен таанышканга чейин эки баласы менен бир нече күн көчөдө күн кечирет. Бечара келин менен эки баласын ал өз үйүнө кийирет. Каргыш тийгир тестиер кызды кордогондон кийин бул үй-бүлө кайрадан көчөгө куулат.
Аял менингит менен ооруп калат, бирок ооруканага кабыл алышпайт. "Томографияга тарттырып кел" дешет. Бир тыйыны жок болсо кайдагы томография! Эки күндөн кийин ал каза болуп, балдары бизге түштү.
— Бардык кыйынчылыкка туруштук бере алган энелерди да мисалга келтире аласызбы?
— Албетте! Биздин аялдар негизи эле башкача, алар башына келген бүт кыйынчылыкты көтөрүп кете алышат. Бир каарманыбыз бар. Аябай татаал балалык кечирген, энеси кызын таштап үйдөн качып кеткен. Ушул себептен улам ал үйүндө дегеле мээрим көрбөптүр.
Кордуктан качып, эрте турмуш курат. Бирок үй-бүлөлүк турмушунан да бакыт таба албайт, күйөөсү чоң муштум экен. Алар чабан болуп, мал багышат. Бир ирет күйөөсү ичип келип, керебетке байлап, аттиш менен бир нече тишин жулуп салат.
Ошондо гана өзүнө күң, малга кылгандай мамиле жасаларын түшүнөт. "Аябай ызаландым! Мени эч ким киши катары көрчү эмес тура!" – деп ызасын жашырган жок ал. Ошентип балдары менен күйөөсүнөн качат. Чын-чынына келгенде аны аябай издеген киши деле болбоду. Кудайга шүгүр, азыр ал аялдын турмушу дурус.
— Алгачкы тарбиялануучуларыңыз жадыңыздабы?
— Албетте. Дегеле бул чөйрөгө кандайча келип калганымдан баян салып берейин. Негизи өзүм врач-педиатрмын, 20 жыл илгери "Балдарды коргоо борборуна" кызматкерлер кабыл алынары тууралуу жарыя көзүмө урунуп калды.
Анда балдар үйү ремонт экен, биз тамак-аш алып Ош базарындагы кароосуз балдарды азыктандырууга чыкчубуз. Доктур катары мага алардын саламаттыгын кароо маанилүү эле.
Көпчүлүгү биттеп кеткен, бири-бири менен мушташа берет эмеспи, алган жарааттарынан айрымдары азап тартышат. Кышкысын балдар көчөдө көп тоңуп калышчу.
Кийин биз "Дордой" базарындагы балдарга да тамак берип калдык. Ал жактан бизге бетон бөлмө бөлүп беришкен. Негизинен ошол жакта иштеген балдар келип тамактанчу. Маселен, 2000-жылдардын башында мындай бизнес өнүккөн: эки кыздын айтымында, желим стакан чогултуп, чоң ваннага салып, жууп чыгышчу. Кийин аны жаңы деп сата беришчү.
— Агезде балдардын абалы алдаканча начар болгон көрүнөт…
— Ооба, ал убакта чындап эле алардын курсагы тойчу эмес. Көпчүлүгү мектепте билим ала албай калышкан, себеби, жаңы конуштарда мектептер курула элек эле, ал эми шаардагы жалпы билим берүүчү жайлар андай балдарды кабыл алуудан баш тартчу.
Ата-энелерден: "Үч балабыз бар, биздин үй-бүлөдө аларды окутууга каражат кайдан? Маршруткага жол кире төлөп, чай менен булочка сатып алууга акча зарыл"— деген кеп көндүм болуп калган өтө коркунучтуу кез болчу. Азыр андай көйгөйлөр дээрлик жоюлуп калганы кандай жакшы.
— Балдарды ата-энесине кайтарып берген оңбу же жок дегенде алардын курсагын тойгузуп турган мамлекеттин кароосунда калганы дуруспу? Бул боюнча кандай пикирдесиз?
Биздин колго келген төрт бала эсимде. Алардын эне-атасы учурашканы дайым кызуу болуп келишчү. Ал үй-бүлө дүкөнгө улай курулган үйдө жашачу, полу да жок, кум гана төшөлгөн. Андай үйлөрдү далай көрдүм!
Ошол төрт бир тууган ата-энеси келгенде айланчыктай: "Апакем келди, апаке!" — деп жанынан чыкчу эмес. Апасынын мас экендигине да кайыл болушчу. Улуулары эле бизге басып келип: "Бизди кайра аларга бербегиле, өтүнөбүз" дешкени болбосо, кичине балдар ата-энесине сүйүүдөн башка сезими жок.
Эгер шарт болсо, баланы үй-бүлөгө кайтаруу дурус — үйдө гана бала сүйө билүүнү үйрөнөт. Балдар үйүндөгү: "Эмнеге апам мени эч качан мактабайт? Мен баарын жасайм го, үй жыйнайм, кир жууйм, тамак жасайм" – деп көз жашын көлдөткөн кызды унутпайм. Кийин апасы келди. Ал муну түшүнө да албады: "Үй оокатын жасагандын эмнеси бар экен? Анын жашында мен да ошентип иштегем". Балким, ал өзү да тийиштүү мээримди ала албагандыр убагында.
— Ташталган балдар бул күйүтүн жеңип кете алышабы?
— Турмушун жолго коюп кете алганы да, кайгылуу окуялар да болот. Бизде бир бала бар эле. Анын ийгиликтерине абдан кубанчубуз: окуу жайды бүтүрүп, рэп аткарып, бир топто ырдап жүрчү. Бирок өтмүшү аны кое бербеди — ал азыр аябай ичет. Башынан өткөргөн сыноолорду жеңип кете алыштыбы же жокпу, дароо биле албайсың.
— Мындай оор ишти таштап, басып кетүүнү самаган учурларыңыз болду беле?
— Болбой койбойт. Бардык ата-энелерди чакырып алып: "Балдарыңарды алып кеткиле! Бөтөн бирөө эмес, аларды силер тарбиялоого тийишсиңер!" – деп кыйкыргым келчү. Бул балдар абдан тентек келишет, аларга көз салуу татаал. Албетте, кээде мен чарчайм.
Бирок кайра өзүмдү өзүм колго алам. Акыры бул тек гана ишим эмес, менин милдетим. Бул балдардын көздөрүн көрсөңүздөр!.. Аларга тигилгенде тентектигин да, шоктугун да унуткарасың.