БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Коомдо ордун таппай калган адамдар жашоого болгон таарынычын өз балдарынан чыгарат. Мындай пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкектеги психологиялык борборлордун биринин жетекчиси Айзада Танаева билдирди.
Адистин айтымында, алар адатта карьерасы оңунан чыкпаган, достору жок, жашоодон ырахат ала албаган адамдар болот.
"Мындай кишилер болгон-толгон өксүгүн балдардан чыгарганга аракет кылат. Анткени бала кечирет, эч жакка кете албайт. Мындан улам алар өздөрүн күчтүү сезишет", — деди Танаева.
"Кээ бир адамдарда күчтүү, жашоонун оош-кыйышына туруштук берген инсанды тарбиялоо үчүн аны катуу кармаш керек деген жаңылыш түшүнүк бар. Мени кичинемде ар бир катачылыгым үчүн жазалап турушкандыктан, жаман иштерди кылбай чоңойдум. Балама дагы ошондой тарбия зарыл деп ойлошот. "Катаал" үй-бүлөдө чоңойгон бала өспүрүм кезде өзүнөн алсыздарга текебер мамиле жасап, жан-жаныбарды кыйнап өлтүрүүгө ыктап турат", — деди психолог.
Ал эми "Балдардын укуктарын коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова балдарына өз көйгөйү менен өзү калып калган аялдар кол көтөрөт деген пикирде.
"Аял адатта күйөөсү таштап, ошол эле учурда өз туугандарынан колдоо таппай калган учурда агрессияга алдырат. Анткени мындай учурда көбүнчө моралдык гана эмес, материалдык жактан дагы кыйналышат", — деди Турдубекова.
Мусапыр балдар көбөйдү
Эмгек, социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын маалыматына караганда, былтыр мурдагы жылга салыштырмалуу жакындарынан кордук көргөн балдардын саны өскөн.
"Сабалган балдардын саны 2016-жылы 87 болсо, 2017-жылы 85 болгон. Сексуалдык жактан кордолгондор бир жыл ичинде 40тан 55ке жетти. Ал эми психологиялык зомбулукка мурдагы жылы 12 бала туш болсо, былтыр 28 бала болуп кеткен", — деп айтты башкармалыктын бөлүм башчысы Гүлмира Ахматова.
"Ушул тапта Кыргызстанда ар бир райондо Социалдык өнүгүү башкармалыгынын алдында Үй-бүлөнү жана баланы коргоо бөлүмдөрү бар. Кордолгон балдар тууралуу маалыматы бар жарандар ошол бөлүмдөргө кайрылып же 111 ишеним номерине чалса болот. Ал күнү-түнү иштеп, бардык чалуулар купуя сакталат", — деди Ахматова.
Мындай балдардын ата-энеси дагы ар тараптуу жардамга муктаж экенин психолог Айзада Танаева белгиледи.
"Баланы жараткан ата-энеси ага каалагандай мамиле кыла алат деп ойлобошубуз керек. Анткени зомбулуктун кандай гана формасы болбосун, бул мыйзам бузууга жатат. Агрессияган алдырып бара жатканын байкаган ата-эне психологдорго, атайын педагогдорго, уюмдарга, фонддорго кайрылышы шарт", — деди Танаева.
Бөбөктөрдүн жанын сактап калуу үчүн кандай иштер жасалууда
Министрликтин өкүлү Гүлмира Ахматованын маалыматына караганда, ушул жылы дагы жетиден кем эмес борбор ачуу пландалып жатат. Аталган жайлардан үй-бүлөсүнөн кордук көргөн бардар гана эмес, чоңдор дагы медициналык жана психологиялык жардам ала алышат.
Эске салсак, өткөн дем алыш күнү Ошто өз энеси депкир менен сабаган бала ооруканада эсине келбеген бойдон чарчап калган. Бул окуя кордолуп жаткан балдар көйгөйүн эске салып, коомчулукту бир силкинтти.