Ысык-Көлдө суучулдар кишилерди атайылап чөктүрүп жатабы? ӨКМдин жообу

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүОткрытие скульптуры Леонида Тишкова "Водолаз-Маяк"
Открытие скульптуры Леонида Тишкова Водолаз-Маяк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарап жаткан билдирүүдө Ысык-Көлдө 300 киши чөгүп кеткени айтылат.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Мессенджер аркылуу Ысык-Көлдөгү суучулдар кишилерди атайылап чөктүрүшүүдө деген билдирүү тарап жатат.

Новогоднее плавание на Адриатическом море в Портороже - Sputnik Кыргызстан
Сууга чөккөндөр арбыды. Адам өмүрүнө ким жоопкер да, ким карайт?
Аудио жазуудагы үн кыргызстандыктарды этият болууга чакырат. Анткени суучулдар кишилерди атайылап өлтүрүп, издөө иштери үчүн көп акча табууну көздөп жатышканы айтылат. Андан сырткары, бир айда эле 300 киши чөгүп кетсе, алардын 72си балдар экени белгиленген. Спамдын автору "башкалардын да өмүрүн сактап калуу үчүн" бул билдирүүнү бөлүшүүнү суранган.

Ал ортодо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы тарап жаткан билдирүүдө айтылгандарды четке какты. Ага ылайык, ӨКМде 11 профессионал суучул иштейт жана учурда алар адистигин жогорулатуу үчүн Ысык-Көлдөгү эл аралык машыгууга катышууда.

"Аудиодо сөз биздин кызматкерлер тууралуубу, же жеке суучулдар жөнүндө болуп жатканы так айтылбайт. Ал эми министрликтин суучулдары кишилерди бекер эле издешет. Маалымат чындыкка жатпайт, аны укук коргоо органдары текшериши керек", — деп маалымат кызматы билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча жыл башынан бери 81 киши, сууга түшүү сезону башталгандан бери 59 киши сууга чөккөн. Анын 9у Ысык-Көлдө болгон.

ӨКМдин суучулдар кызматынын жетекчиси Урматбек Шамырканов тарап жаткан билдирүү боюнча пикирин айтты.

"Бардык издөө жана куткаруу операцияларын бекер жүргүзөбүз. Кишилерди куткаруу биздин милдет жана ишибиз. Бул билдирүү жалган", — деди ал.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы тарап жаткан билдирүү калп жана чагымчыл аракет экенин баса белгиледи.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети чагымчыл мүнөздөгү билдирүүлөрдү тараткандарга карата кескин чара көрүлөрүн эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0