БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети чагымчыл билдирүүлөрдү тараткандарга карата катуу чара көрүлө турганын билдирди.
Ага ылайык, акыркы кезде WhatsApp каналы аркылуу улуттар жана аймактар аралык кастыкты козута турчу маалыматтар тарап жатат.
"УКМК менен укук коргоо органдары чагымчыл билдирүүлөрдү ким таратып жатканын иликтей баштады. Ошондой эле мындай маалыматтарды тараткандарды билгендер болсо укук коргоо органдарына маалымдоого чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутуу үчүн жасалган мындай аракеттер үчүн жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эскертти.