Пенчак силат, ушу-саньда. Маанисин билесизби? Спорттук терминдердин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рингге же килем бетине чыгып кесипкөй спортчу болбосоңуз да анда-санда ышкыбоз катары залга баш багып турсаңыз керек. Кайсы бир спорттун эрежесин билгенибиз менен маанисине көңүл бургандар дээрлик жокко эсе.

БИШКЕК, 12-июн — Sputnik. Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында спорттук терминдердин түшүндүрмөсүнө, анын ичинен жеке кармаштардын маанисине көңүл бурабыз.

Жиу-житсу — япондун "дзю" — ийкемдүү, "дзюцу" — ыкма деген сөзүнөн алынган.

Дзюдо — япон тилинен которгондо "дзю" — ийкемдүү, "до" — жол же багыт деген сөздү түшүндүрөт. XIX кылымда Күн чыгыш өлкөсүндө пайда болгон спорттун түрү.

Грэпплинг — англис тилинен которгондо "багындыруу" дегенди билдирет. АКШда негизделген.

Торжественное мероприятие, посвященное 220-летию Тайлак-баатыра - Sputnik Кыргызстан
Ултаң, кырмызы, чукак... Эски сөздүн эбин таба аласызбы?
Самбо — орус тилиндеги "самозащита, самооборона, без оружия" сөздөрүнөн кыскартылып алынган. Өзүн өзү коргоо же оксуз кармашуу дегенди түшүндүрөт. СССРдин Спорт комитети тарабынан киргизилген.

Каратэ — япончодон "бош, куру кол" деген маанини туюндурат.

Айкидо — япон тилинен "жашоодогу күч-кубат" же "рух менен кошулуу" дегенди түшүндүрөт.

Сумо — Япониядагы байыркы элдердин атынан коюлган.

Ушу-саньда — кытай тилинен "ушу" — аскердик же согуштук, ал эми "саньда" — эркин беттеш дегенди түшүндүрөт.

Тхеквондо (таэквондо. — ред.) — корейчеден "тхе" — бут, "квон" — муштум, "до" — жол же багыт дегенди билдирет.

Рукопашный бой — эгер орусчадан мааниси менен которсок оксуз кармашуу. Жоокерлерди куралсыз чабуулга өткөрүү үчүн пайда болгон спорт. Мында күрөштүн да, бокстун да ыкмалары бар.

Пенчак силат — Индонезиянын улуттук спорту. Кыргызса "куралсыз кармашуу" дегенди түшүндүрөт.

Бокс — англис тилинен "сокку" деген мааниде.

Кикбокс — англисче "кик" — түртүү, "бокс" — сокку деген маанини берет. Классикалык бокстан айырмасы — буттун соккусуна уруксат берилген.

Ат чабыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аргымактар алкынып, туягынан от чыкканда. Ат чабыш жана жорго салыштын эрежеси
Тайбокс — Таиланд өлкөсү кадимки бокска өз эрежелерин киргизип, башкача айтканда, муштумдан сырткары чыканак, тизе, буттун кетменинин соккусун кошуп "тай боксу" деп атаган.

Бирма боксу — башкача аталышы "летвэй". Мьянманын расмий тили болгондуктан бирма деп аталып калган. Бокстан айырмасы — башка сүзгөнгө уруксат берилген. Ошондой эле профессионалдуу кармаштарда манжалары жок кол кап кийип чыгышат.

Панкратион — грекче "пан" — чексиз, "кратос" — күч-кубат дегенди билдирет. Байыркы антикалык Олимпиада оюндарынын бир түрү. Панкратион азыркы ММА спортунун мурунку аталышы катары маалым.

ММА — англисче Mixed Martial Arts же "аралаш мушташ", "эрежесиз уруш", "бардык ыкманы колдонуп беттешүү" дегенди билдирет. 1995-жылдан тарта ушундай аталыш менен дүйнөнүн булуң-бурчунда популярдуу боло баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0