БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүнө жааган кардан бир чабандын 200 кою өлгөн. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, окуя 24-май күнү катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча сууктан кыркылган койлор мерт болгон.
ӨКМ бул боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.
Жайга бир жума калганда Ысык-Көл өрөөнүнө да кар жаап салыптыр.