БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча бүгүн таңда Алай районунда жер силкинди. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.
Билдирмеге караганда, 5-февралда таңкы саат 05.03дө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Алай кырка тоосунда, Сары-Могол айылынан 22 чакырым түштүк-чыгышка, Бар-Дөбө айылынан 30 чакырым түштүк-батышка, Талды-Суу айылынан 24 чакырым түштүккө, Ачык-Суу айылынан 38 чакырым чыгышка, Нура айылынан 83 чакырым түштүк-батышка, Ош шаарынан 112 чакырым түштүк-чыгышка карай жайгашкан.
Бар-Дөбө, Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 2,5 балл сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Жер эмне себептен титирей турганы Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасында көрсөтүлгөн.