Кыргыз спорту бул жылы эмнеси менен эсте калды

© REUTERS / Issei KatoЦеремония открытия зимних Азиатских игр в Саппоро
Церемония открытия зимних Азиатских игр в Саппоро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз спорту үчүн 2017-жыл түрдүү окуяларга бай болду. Быйылкы жылы спортчуларыбыз Азия оюндары, IV Ислам оюндары жана башка эл аралык мелдештерде күч сынашты.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги бир жыл ичиндеги спорттук окуяларга саресеп салды.

Ислам тилектештик оюндары

Во Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2 - Sputnik Кыргызстан
Ислам тилектештик оюнуна Кыргызстандан 70 спортчу аттанды. Ийгилик деп туралы
Жаздын 12-22-май күндөрү Азербайжандын борбору Баку шаарында Ислам тилектештигинин IV оюндары өттү. Ага кыргызстандык 70 спортчу катышып, спорттун 11 түрү — сууда сүзүү, күрөш, дзюдо, бокс, ок атуу, көркөм гимнастика, жеңил атлетика, таэквондо, ушу саньшоу, волейбол, зорхана боюнча ат салышты. Натыйжада балбандар Айсулуу Тыныбекова эки, Муслим Евлоев, Каныбек Жолчубеков жана дзюдочу Юрий Кроковецкий бирден алтын тагынышкан. Муну менен катар Кыргызстан жалпы эсептик көрсөткүч боюнча алдыңкы ондукка кирген.

Азия оюндарындагы болуп көрбөгөндөй көрсөткүч

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТүркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы V Азия оюндарынынын катышуучулары
Торжественная церемония проводов спортивной делегации Кыргызстана для участия в V Азиатских играх - Sputnik Кыргызстан
Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы V Азия оюндарынынын катышуучулары
Эки жылда бир боло турчу жабык имараттагы Азия оюндары быйыл бешинчи ирет 17-27-сентябрь аралыгында Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өттү. Кыргызстандын улуттук курама командасынын атынан спорттун 17 түрү боюнча 153 спортчу күч сынашты. Алар: жеңил атлетика, бильярд, самбо, белбоо алыш күрөшү, жиу-житсу, шахмат, кыз-келиндер арасындагы күрөш, грек-рим жана эркин күрөш, бий спорту, кикбоксинг, сууда сүзүү, ат оюндары, казак күрөшү, таэквондо WTF, баскетбол жана футзал.

Азия оюндарында жиу-житсучу Абдурахманхажи Муртазалиев, кикбоксчу Авазбек Аманбеков, самбочулар Бекназар Раимкул уулу, Жаныбек Аматов, Жамалбек Асылбек уулу, балбандар Эсенбек Кудайбердиев, Нурзат Бактияр кызы, Алтынай Мамарасул кызы, Мээрим Момунова, Калы Сулайманов, бильярдчы Ызатбек Ратбеков мыктылыгын көрсөтүп, алтын медаль тагынышты.

Кыргыз спортчулары уруш жана күрөш спорт түрлөрүндө байгелүү орундарга жетишип жатканы менен командалык оюндарда жана кай бир спорт түрлөрүндө таптакыр медалсыз калышты. 

Аталган мелдештен Кыргызстандын курама командасы 70 медаль багындырып, жалпы командалык эсепте 62 өлкөнүн арасынан 8-орунду ээледи. Байгелердин 13ү — алтын, 20сы — күмүш, 37си — коло. Көчмөндөр оюндарын эске албаганда мындай көрсөткүч менен кыргыз спортчулары медаль топтогон жагынан рекорд койду десек болот.

Астанадагы көк бөрү боюнча дүйнө чемпионаты. Колдон учкан жеңиш

© Sputnik / Алия СамидинКыргыз улакчылары Казакстанда өткөн көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында
Чемпионат мира по кокпару в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз улакчылары Казакстанда өткөн көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында
21-28 август күндөрү Казакстанда "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында түрк элинин салттык спортуна кирген көкпар (көк бөрү) оюну боюнча дүйнө чемпионаты өткөн. Ага 11 өлкө катышып, Кыргызстан менен Казакстандын командалары финалдык беттешке чыккан. Натыйжада Кыргызстандын командасы 1:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калган. Анткен менен көк бөрү оюну Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынынын тизмесине киргизилип, көпчүлүктү кубанычка бөлөдү.

Төрт жылда бир өткөрүлө турчу "Манас оюндары"

ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-турган турган балбандары ким? - Sputnik Кыргызстан
ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-толуп турган балбандары ким?
25-августтан 31-августка чейин Чолпон-Ата шаарында улуттук оюндар боюнча "Манас оюндары" аталышындагы мелдеш өттү. Анда спортчулар көк бөрү, тогуз коргол, ордо, салбурун, кыргыз күрөш, алыш, эр эңиш, ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш боюнча күч сынашкан. Спорттук иш-чара төрт жылда бир жолу өткөрүлүп, улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү жана эмдиги жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү максатында уюштурулган.

Спорт адамдарды мүмкүнчүлүгүнө жараша бөлбөйт!

18-30-июль күндөрү Түркиянын Самсун шаарында өткөн XXIII Сурдолимпиадалык (начар уккандардын мелдеши — ред.) оюндарында кыргыз спортчулары төрт коло медаль багындырган. Дзюдо боюнча Ильгиз Каналбек уулу, грек-рим күрөшү боюнча Габит Айдарбеков, эркин күрөш боюнча Миляс Марков жана таэквандо боюнча Азамат Мавлонов намыска жарады.

Айсулуу табында, балбан кыздар өсүүдө

© Фото / Facebook / United World WrestlingАтактуу балбан Айсулуу Тыныбекова Париждеги дүйнө чемпионатында күмүш медалына ээ болду
Атактуу балбан Айсулуу Тыныбекова Париждеги дүйнө чемпионатында күмүш медалына ээ болду - Sputnik Кыргызстан
1/3
Атактуу балбан Айсулуу Тыныбекова Париждеги дүйнө чемпионатында күмүш медалына ээ болду
© Фото / Facebook / United World WrestlingФинляндияда өткөн дүйнө биринчилигинде Айпери Медет кызы дүйнө чемпиону аталды
Финляндияда өткөн дүйнө биринчилигинде Айпери Медет кызы дүйнө чемпиону аталды - Sputnik Кыргызстан
2/3
Финляндияда өткөн дүйнө биринчилигинде Айпери Медет кызы дүйнө чемпиону аталды
© Фото / Facebook / United World WrestlingМээрим Жуманазарова Азия биринчилигинде чемпион болду.
Мээрим Жуманазарова Азия биринчилигинде чемпион болду. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Мээрим Жуманазарова Азия биринчилигинде чемпион болду.
1/3
Атактуу балбан Айсулуу Тыныбекова Париждеги дүйнө чемпионатында күмүш медалына ээ болду
2/3
Финляндияда өткөн дүйнө биринчилигинде Айпери Медет кызы дүйнө чемпиону аталды
3/3
Мээрим Жуманазарова Азия биринчилигинде чемпион болду.

Кыз-келиндер арасындагы күрөш өнүгүү жолунда. Алсак, атактуу балбан Айсулуу Тыныбекова жыл башынан бери эл аралык 7 турнирге катышып, андан үч алтын, үч күмүш жана бир коло байге багындырган. Тыныбекованын жеңиши дем берип күрөшкө кызыккандар көбөйгөнү талашсыз. Маселен, Финляндияда өткөн дүйнө биринчилигинде Айпери Медет кызы дүйнө чемпиону аталса, Мээрим Жуманазарова Азия биринчилигинде чемпион болду.

Бир жылда үч алтын. Дарья, азаматсың!

© AFP / Dibyangshu SARKARЖөө күлүк Дарья Маслова быйылкы жылы үч алтын алды
Кыргызстанкая бегунья Дарья Маслова - Sputnik Кыргызстан
Жөө күлүк Дарья Маслова быйылкы жылы үч алтын алды
Ал эми жеңил атлетчи Дарья Маслова быйылкы жылдын эсебинен Азия чемпионатында эки алтын, Кытайда өткөн универсиадада дагы алтын медаль тагынып, Кыргызстандын желегин дүйнө элине тааныта желбиретти.

Бегалиев менен Түмөнбаевдин ордун басчулар табылды

© Фото / Facebook / United World WrestlingКытайда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында Акжол Махмудов алтын медаль уткан
Чемпионате Азии среди юниоров в Китае - Sputnik Кыргызстан
Кытайда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында Акжол Махмудов алтын медаль уткан
Балбандар демекчи, Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин ийгилигин көргөндөрдүн сүйүнүчү койнуна батпай, грек-рим күрөшүнүн келечегине чоң ишеним артышкан. Анын сыңары бой тиреген жаш балбандарыбыз оголе көп. Алсак, Акжол Махмудов быйыл жаштар арасында Азия чемпиондугун багындырып, дүйнө биринчилигинде күмүш жана бир канча эл аралык мелдештерде жеңүүчүсү аталганга жетишти. Дал Махмудовго "келечектеги Олимпиада чемпиону" деп үмүт артышат. Мындан сырткары, Калы Сулайманов Азия оюндарында алтын медаль тагынып, дымактуу спортчу экендигин тастыктады.

Көк жал мүнөз Дастан Шаршеев 

© Фото / предоставлено Дастаном Али ШаршеевымКыргызстанский боец Дастан Али Шаршеев
Кыргызстанский боец Дастан Али Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанский боец Дастан Али Шаршеев
Кыргызстандык мушкер Дастан Шаршеев үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде Казань шаарында өткөн тай боксу боюнча мелдеште россиялык мушкер Антон Калининге жеңилип калган. Бирок ал калыстар тобунун мындай чечимине макул болбой, рингден түшпөй койгон. Анын мындай кадамы интернет тармагында бир топ талкууга алынган. Кийинчерээк эки спортчу кайрадан реванш-беттешүүгө чыгаары маалымдалган. Шаршеев сөзүнө туруп атаандашын утуп алган

ММАге жанын таштагандар көбөйдү

Акыркы жылдары ММА спорту дүйнөдө эле эмес, Кыргызстанда дагы кулачын жайды. Кыргызстандык эрежесиз уруш чеберлери жыл сайын өлкөнү далайга таанытып, дүйнөлүк уюмдар менен келишим түзүү аракеттерин көрүшүүдө. Алсак, Fighter.KG клубунун спортчусу Бусурманкул Абдубаит уулу дүйнөдө 5-орунда турган "М-1 Global" уюму менен эки жылга келишим түздү. Өлкөбүздө WEF, JFC, Nomad fights спорттук уюмдары бир катар эл аралык мелдештерди өткөрүп, мушкерлердин багын ачууда. Муну менен бирге жеңилүү ызасын тартып калган мушкерлер да болбой койгон жок. Бирок жеңиш сенин мыкты экендигиңди аныктаса, утулуп калуу жаңы тажрыйба эмеспи.

Кыздар ринг менен октагонду ээлеп келе жатышат

© REUTERS / Perry NelsonКыргызстандык мушкер Валентина Шевченко беделдүү делген UFC уюмун дүңгүрөтүп жаткан чагы
Бой Валентины Шевчкенко в Амандой Нуньес - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко беделдүү делген UFC уюмун дүңгүрөтүп жаткан чагы
Кыргызстандык Валентина Шевченко аралаш мушташ боюнча UFC спорттук уюмунда ат салышуусун улантууда. Ал жыл башында атаандашы Жулианна Пеньяны жер каратып, чемпиондукка талапкер болгон.

Рингден жолугабыз! Дүйнөнү муштуму менен дүңгүрөтүп жаткан боксчулар ким? - Sputnik Кыргызстан
Рингден жолугабыз! Дүйнөнү муштуму менен дүңгүрөтүп жаткан боксчулар ким?
ММАде балдар гана эмес, кыздар дагы күч сынашууда. Алсак, быйыл WEF уюмунун тарыхында алгачкы жолу кыздардын беттеши өтүп, анда мушкер Бегимжан Касымова жеңүүчү аталган.

2017-жылдын март айында мушкер Шахриза Халилова тайбокс боюнча үчүнчү ирет дүйнө чемпиону аталды. Бокс боюнча КРдин чемпионатында Мамасалы кызы Мээрим үчүнчү ирет чемпион аталды.

Ал эми грэпплинг боюнча Азия биринчилигинде Барчынай Узгенбаева чемпион аталган.

Кыргызстанда төрт жолу Азия чемпионаты өткөрүлдү

Кыргыз спорту үчүн чоң жетишкендиктердин бири — өлкө ичинде төрт жолу Азия чемпионаты өткөрүлгөндүгү. Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында шахмат боюнча мелдеш, жаштар арасындагы дзюдо боюнча чемпионаты, армрестлинг боюнча жана ММА боюнча Азия биринчилиги болду. Аталган мелдештер мамлекет тарабынан каржыланды.

Жаш хоккейчилердин ийгилиги 

Жыл узап баратканда Бишкектин хоккей боюнча юниорлордун курама командасы АКШда өтүп жаткан Barrington Ice Arena эл аралык кубогун жеңип, кыргыз элин, өзгөчө ата-энелерди кубанычка бөлөдү. Чикагодо өткөн мелдешке Кыргызстан, АКШ жана Россиянын жаш хоккейчилери катышкан.

2018-жылы кыргыз спортчуларын эмне күтүп турат?

Кийинки жылы дүйнөлүк үч чоң спорт мелдеши өтөт. Төрт жылда бир келчү кышкы Олимпиада, футбол боюнча дүйнө чемпионаты жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0