Ислам тилектештик оюнуна Кыргызстандан 70 спортчу аттанды. Ийгилик деп туралы

© Sputnik / Табылды КадырбековВо Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2
Во Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-майда Азербайжан өлкөсүнүн баш кааласы Бакуда IV Ислам тилектештик оюндары башталат. Бул оюндарда Кыргызстандын намысын 70 спортчу спорттун 11 түрү боюнча коргой турган болду.

Бул Ислам конференция уюмдарына мүчө өлкөлөрдүн мыкты спортчуларынын катышуусу менен эл достугуна көпүрө болуп, төрт жылда бир өтүп келе жаткан эл аралык спорттук иш-чара. Ал эми Ислам тилектештик оюндары федерациясы Ислам тилектештик оюндарынын багыты жана көзөмөлүнө жооптуу мекеме. Мүчө өлкөлөрдүн атынан башка диндин өкүлдөрүнө да оюндарга катышуусуна уруксат берилген. Мында алардын укуктары басмырланбай, достук, ынтымак даңазаланып, алардын жеңишине урмат-сый көрсөтүлөт.

Грек-рим күрөшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык балбан Шырдаков Азия чемпионатында коло байгелүү болду
Биринчи оюндар 2005-жылы Сауд Аравияда өтүп, ага Кыргызстандын чакан командасын ошол учурдагы Улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев баштап барган.

Экинчи оюндар 2009-жылы апрелде Иран мамлекетинде өткөрүлө турган болуп, кызуу даярдыктар көрүлүп жаткан. Тилекке каршы, Иран жана Араб өлкөлөрүнүн ортосунда Перси кысыгындагы кырдаалга байланыштуу оюндар өтпөй калган. Үчүнчү оюндар 2013-жылы сентябрда Индонезиянын Пеканбару шаарында өткөн.

2005-жылы Сауд Аравияда болуп өткөн Биринчи ислам тилектештик оюндарында кыргызстандык спортчулар 8 медаль утушкан.

Оор атлетика боюнча Азия чемпиону Улан Mолдодосов 85 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча чоюн билек балбандар менен күч сынашып, жулкуп көтөрүүдө күмүш, түртүп көтөрүүдө алтын байгеге татыган.

— Ал учурда менин салмагым 80 килограмм болчу. Ошого карабай 85 кг салмак категорияда мөрөй талаштым. Жулкуп көтөрүүдө Азербайжан балбанынан кийинки экинчи келе жаткам, түртүп көтөрүүдө аны артка таштап, биринчи орунду ээлеп, Биринчи ислам оюндарынын чемпиону аталгам. Бул оюндар менин чеберчилигимдин өсүшүнө кийинки олимпиадалык оюндарга катышуума жол ачкан, — деп Улан Молдодосов ал учурду эскерет.

Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Биз билип-билбеген Айсулуу Тыныбекова. Спортчу кыз тууралуу кызыктуу 10 факты
Ошондой эле бул оюндарга Улан Молдодосовдун бир тууган иниси Кутман да оор атлетика боюнча катышып, 69 килограмга чейинки салмак категориясында 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган. Ал жулкуп көтөрүүдө күмүш жана түртүп көтөрүүдө коло байге алган.

Биринчи ислам тилектештик оюндарына кыргызстандык сууда сүзүүчү Юрий Захаров да катышып, эки байге уткан. Ал биринчи 700 метрге комплекстүү сууда сүзүү жарышында марага үчүнчү болуп келген. Андан кийин 200 метр аралыкка чалка чабак урууда коло медалга ээ болгон.

Иран жана Индонезияда өткөн экинчи жана үчүнчү оюндарга Кыргызстандын спортчулары катышкан эмес.

10-май күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргызстандын курама командасынын IV Ислам тилектештик оюндарына узатуу аземи болду. Бул иш-чарага өлкөнүн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов, Улуттук олимпиадалык комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов, машыктыруучулар жана спортчулар катышты. Ислам тилектештик оюндарына аттанып жаткан спортчуларга Аманкулов ак жол жана ийгилик каалап, алардан кыргызстандык күйөрмандар жеңиш күтөөрүн айтты.

"Ислам оюндарында дүйнөнүн 57 өлкөсүнөн спортчулар күч сынашат. Бул өзүбүздүн даярдыкты көрсөтүүгө эң жакшы мүмкүнчүлүк. Өлкөбүздү татыктуу көргөзүп, медалдар менен кайтып келгиле", — деп кайрылды спортчуларга Аманкулов.

Өлкө желеги улуттук курама команданын капитаны, Азия оюндарынын күмүш байге ээси, Азиянын чемпиону, балбан Каныбек Жолчубековго салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Бишкектик окуучу Рахатбек кызы Мунара таяк тартыш боюнча дүйнө биринчилигинде жеңүүчү болду - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик окуучу кыз таяк тартыш боюнча дүйнө чемпиону болду
IV Ислам тилектештиги оюндары баскетбол 3x3, бокс, күрөш, суу полосу, волейбол, гандбол, дзюдо, зорхана, каратэ, жеңил атлетика, сууда сүзүү, сууга секирүү, стол тенниси, спорттук гимнастика, ок атуу, теннис, таэквондо, оор атлетика, ушу, футбол жана көркөм гимнастика боюнча өтөт.

Адистердин баамында кыргызстандык спортчулар грек-рим, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү, дзюдо, жеңил атлетика, оор атлетика, бокс таймаштарында байгелүү орундарга жетиши ыктымал.

Оюндарга 57 өлкөдөн келген 3 миңден ашык спортчу катышат.

Азербайжандын борбору Баку шаарында өтө турган Ислам тилектештик оюндары 22-майда жыйынтыкталып, кийинки эстафета 2021-жылы V Ислам тилектештик оюндарын кабыл алчу Түркияга берилет. Оюндар Стамбул шаарына өтөт.

Спортчуларды сүрөөнгө алып туралы…

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Жаңылыктар түрмөгү
0