00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандык мушкер биринчи болуп РФтин M-1 Global уюму менен келишим түздү

© Фото / Сейтек ТолтоевБоец смешанных единоборств Бусурманкул Абдубаитов
Боец смешанных единоборств Бусурманкул Абдубаитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу эки жыл ичинде алты беттеш өткөрөт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу Россиядагы белгилүү спорттук уюм M-1 Global менен келишим түздү. Бул тууралуу спортчунун машыктыруучусу Кенжебек Чекиров билдирди.

Анын айтымында, Абдубаит уулу келишим боюнча эки жыл ичинде алты беттеш өткөрөт.

"Белгилүү M-1 Global спорттук уюму 1997-жылы Россияда негизделген. Учурда абройлуу уюм. Кыргыз мушкерлеринин арасынан Бусурманкул алгачкылардан болуп келишим түзүп жатат. Ал жактан эки жыл ичинде алты жолу беттеш өткөрөт. Ошондой эле эки жыл аралыгында башка беттештерге чыкканга акысы жок," — деди Чекиров.

Эске сала кетсек, Бусурманкул Абдубаит уулу аталган спорттук уюмдун турниринде эки жолу беттеш өткөргөн. Ушул жылдын 23-сентябрында M-1 Challenge 83 турниринин алкагында бразилиялык Диего Давелла менен беттешип, экинчи раунддан кийин калыстар тең баа беришкен.

Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
ТОП-11. ММА мушкерлери Кыргызстанды дүйнөгө таанытабы?
24-ноябрда M-1 Challenge 86 турниринин алкагында Абдубаит уулу реванш беттеште бразилиялык атаандашын биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алган.

Абдубаит уулу Бусурманкул 1993-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Спортто "Алай" каймана аты менен белгилүү.

2011-жылы "FIGHTER KG" спорттук клубуна келип, машыктыруучу Кенжебек Чекировдун колунда тарбиялана баштаган. Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөткүчү боюнча 9 жолу профессионалдуу беттеште утуп, 2 ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0