Касымова эрежесиз эр уруш, кол кармаш боюнча чебер аталып, үч жолудан Кыргызстан чемпиону аталган. Ошондой эле бокс чеберине талапкерлигин коюп, эки жолу өлкө чемпиондугун багындырган. Ал мындай көрсөткүчү менен дүйнө биринчилигиндеги мушкерлерди тизелетип коет.
Бегимжан Касымова менен болгон эксклюзивдүү маекти журналист Гүлдана Талантбекова даярдады.
— Бегимжан, жеңиш кут болсун! Сиз атаандашыңыз менен беттешке чыгаарга чукул интернетке сүрөтүңөр жарыяланды. Ачыгын айтканда Юлдуз Маматкулова "рингдин ханышасы" каймана аты менен Казакстандын таанымал мушкери…
— Мен Юлдузду 2012-жылы Алматыга бокс боюнча эл аралык турнирге барганда көргөм. Ал ошондо эле күйөрмандары арбын, белгилүү мушкер экендигине күбө болгом. Анан ал WEF Proffight турниринде атаандашым экендигин укканда, чынын айтсам уйкум бузулган.
— Аталган беттешке жеке каалооңуз менен чыктыңыз беле?
— Беттешти машыктыруучум Эмил Токтогонов сунуш кылды. Күтүлбөгөн жерден болгондуктан, эки жума ичинде даярданууга туура келди. Беттештин алдында спортчуларды салмакка түшүрүү болот эмеспи, ошондо "шиштака" кийип баргам. Эл ушул кебетеси менен утулат деп ойлошуптур. Аны кийин айтышты. Өзүм да уят болбой утулсам экен деп жаткам. Бирок биринчи раундда эле техникалык нокаут менен жеңип алдым. Өзүмдүн ушунчалык катаал экенимди билген эмесмин.
— Видеодон беттештен кийин Юлдуздун нааразычылыгын байкоого болот экен.
— Ооба, дагы мушташмакмын деп реваншка чакырды. Мени рефери убагында токтотпогондо өзү үчүн эле жаман болмок.
— Сыртка чыкканда унчуккан жокпу?
— Жок, профессионалдуу спортчулар рингден тышкары кол көтөрүшпөйт. Мен тескерисинче беттештен кийин Юлдузга барып "абалың кандай" деп ден соолугун сурап койдум.
— Техникалык нокаут менен утуптурсуз. Менимче, эрежесиз урушка бокстан келген өңдөнөсүз?
— Мектепте окуп жүргөндө толук болчумун. Ошол себептен 7-классымда фитнес клубка жазылып, эки жылдан кийин бокс менен машыга баштадым. Эрежесиз урушка аралашканыма бир жарым жылдай эле болду.
— Анан арыктай алдыңызбы?
— Аябай арыктадым деп айта албайм. Майдын баары булчуңга айланды окшойт. Азыр салмагым 80 киллограмм, беттешке чукул беш киллограмм салмак кууйм. Боюм 173 сантиметр.
— Кармаштар ден соолук үчүн кооптуу да. Ата-энеңиз каршы болгон жокпу?
— Апам жаш кезинде жеңил атлетика, атам бокс менен машыккан. Азыр узакка чуркашат. Атам иним экөөбүздү бокска жаздырган. Бирок мен келечекте "мушкер болом, спорттун аркасынан кийиктей кууп кетем" деп ойлогон эмесмин. Иним болсо эртеси эле бокстан чыгып кеткен.
— Анан алгачкы беттешиңиз качан болду?
— Алты айдан кийин тай боксу боюнча турнирге чыгып жеңишке жеттим. Атаандашым дүйнө биринчилигинде алдыңкы орунду алып жүргөн кыз эле. Ошондой күчтүү мушкерди утканым мага чоң стимул берди.
— Негизи бокстан келгендер беттешти бир-эки раундда эле бүтүрүп коюшат. Эрежесиз урушка чыккан ар бир спортчу боксту өздөштүрүп алганы оң деп ойлойм. Таамай сокку жок, беттештин даамы чыкпайт. Ошол эле учурда мушкерлер партерде аксабаш үчүн жеке кармаштан күрөштү үйрөнүп алса ашыкча болбойт.
— Мектепте окуп жүргөндө мушташчу белеңиз?
— Сабырдуу кызмын. Спортчу десе эле айрымдар чоң муштум деп ойлошот. Кесипкөй мушкерлерди байкасаңыздар, токтоо болушат. Ал эми залга бир-эки жолу барып алып чоң чыккандарды спортчу деп атагандан алысмын.
— Ошентсе деле аргасыздыкка жеткиргендер болду беле?
— "Бул жакта мушташ болуп жатат, тиги жиниме тийип койду" деп жардам сурап чалган тааныш кыздар толтура. Кыз болсо жакшы эмеспи, кээде эркек балдар "баланча кыздын өтүн үзүп койчу" деп чалышат. Албетте баш тартасың. Муштум бир гана рингде түйүлүшү керек.
— Рингге чыкканда эмне тууралуу ойлоносуз?
— Эмнегедир сарсанаа болуу сезими житип кетет. Рингден ырахат алам. Ринг — бул көгөргөн эмгекти тастыктоочу жай. Ошол жерден гана өзүңдүн кыйын экендигиңди көргөзө аласың.
— Негизи жеке кармаштарга чыгып жүргөн кыздардын көбүнүн дене түзүлүшү өзгөрүп, булчуң байлап кетет. Үнү-башы да жооное түшөт дегендей. Сиздики анчейин билинбейт экен. Көбү спортчу экениңизди деле билбесе керек?
— Ооба, чынында эле ошондой. Машыгуунун, булчуң бере турчу дары-дармекти да колдонуу эрежелери бар. Сиз айтып жаткан спортчу кыздардын көрүнүшү организмде тестостерон гормонунун көбөйүп кеткендигинен улам болот.
— Балдар мушкер экениңизди билгенде кандай эмоция байкайсыз?
— Алар кийинчерээк угушат. Анан эле житип кетишет (күлүп).
— Андан ары жеке мамиле курушпайт дейсизби?
— Азыр мага жеке мамиле деле ашыкча. Жакшы көргөн адамым бар. Ал дагы спортчу. Бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз.
— Түшүнүктүү. Машыгууга канча убакыт бөлөсүз?
— Эртең менен кечинде беш саатка чукул машыгам. ММА боюнча бир клубдан, бокс боюнча башка клубдан машыгам.
— Машыгуучу жайлардын акысы кымбатпы?
— Өлкө намысын коргогон таанымал мушкерлерге жеңилдиктер каралган. Биз жооп катары аларды жарнамалайбыз.
— Спорттон тышкары эмне менен алектенесиз?
— Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин архитектера факультетин бүтүрүп, учурда ошол эле окуу жайдын эсепчи бөлүмүнөн билим алып жатам. Окуу менен жүрүп эки жылдай спортко убакыт бөлө албай жүрдүм. Бош убактымда үй-бүлөлүк ишкерликке салымымды кошом.
— Алдыда кандай пландарыңыз бар?
— Эки айдан кийин Кореяда ММА боюнча турнир болот. Башка спортчулардай эле машыгууну күчтөнтүп, салмак куунун аракетин көрүшүм керек.
— Азырынча айта албайм. Менин каалоом башка адамдардын да кызыкчылыгын эске алат.
— Убагы келгенде үй-бүлөнү тандайт белеңиз же спорттубу?
— Кыз киши бүлөнү башкы орунга коюшу керек деген ойдомун. Жигитим турнирлерге кыйылып атып жиберет. Эми Кореядагы эрежесиз урушка жакшылап макулдашып алышым керек.