Ислам Каримов атындагы "Ташкент" эл аралык аэропортунан Жээнбековду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Кыргызстандын элчиси Данияр Сыдыков тосуп алды.
Аэропортко ардак кароол ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.
Жээнбеков Ташкент шаарына барары менен Эгемендүүлүк жана гуманизм монументине, Ислам Каримов атындагы комплекске гүл койду. Андан соң "Көксарыой" резиденциясына барды.