БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Балыкчы шаарында жайгашкан кыш чыгаруучу цехте иштеген жумушчу станокко кыпчылып каза тапканын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 12-декабрь күнү саат 16.10до болгон. Маркумдун 47 жашта экени айтылууда.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар сөөктү станоктон алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.