Муратбек Рыскулов 1909-жылы Жумгал районунун Чаек айылында жарык дүйнөгө келген. Бирок так күнү белгилүү эмес. Кызы Нуржамал Күмүшалиеванын айтымында, туулган күнү катары 23-ноябрь деп белгиленип келет. Болочоктогу актер мектепти аяктаган соң 1936-жылы Кыргыз музыкалык-драма театрында билим алып, театрда 1941-жылдан баштап иштеп, 1949-жылдан тарта киного тартыла баштаган.
СССРдин эл артисти чыгармачылык жолунда 20га жакын тасмада, 40тай спектаклде роль жараткан. Актердун сахнадагы, жашоодогу бир канаты атактуу актриса Сабира Күмүшалиева болуп, алар төрт баланы татыктуу тарбиялашкан. Рыскулов Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп төрт жолу шайланган.
Залкар актер 1974-жылы 64 жаш курагында борбор калаада көз жумган.

1/13
© Фото / Александр Федоров
Режиссер Төлөмүш Океев тарткан "Бакайдын жайыты" тасмасында башкы ролду аткарган Муратбек Рыскулов. Аталган кино эл аралык деңгээлдеги бир топ сыйлыктарды багындырган

2/13
© Фото / Александр Федоров
Муратбек Рыскулов жыйырмага жакын тасмада роль жараткан

3/13
© Фото / Александр Федоров
Муратбек Рыскулов менен Советбек Жумадылов тасма тартуу маалында кулундарды желеге байлап жаткан кези

"Бакайдын жайыты" тасмасындагы роль аткарган Муратбек Рыскулов менен Насрет Дубашев

5/13
© Фото / Александр Федоров
Актер "Көчө" тасмасында Бороштун образында

6/13
© Фото / Александр Федоров
"Отко таазим" тасмасында Муратбек Рыскуловдун ажынын ролун аткарып жаткан кези

7/13
© Фото / Александр Федоров
Рыскулов жубайы Сабира Күмүшалиева менен 38 жыл бирге өмүр сүрүп, төрт баланы тарбиялап өстүргөн

8/13
© Фото / Александр Федоров
"Бакайдын жайытында" Бакайдын ролун аткарган улуу талант

9/13
© Фото / Александр Федоров
"Жоро" фильминде командир Козубайдын ролунда

10/13
© Фото / Александр Федоров
Рыскулов Геннадий Базаровдун "Көчө" тасмасында роль жаратып жатат

11/13
© Фото / Александр Федоров
Король Лирдин ролун өтөсүнө чыгара аткарган. Театр сахнасы

12/13
© Фото / Александр Федоров
Актер тартылган "Токтогул" тасмасынан үзүндү

1966-жыл "Киргизфильм" киностудиясы тарткан фильмдердин биринде роль аткарып жаткан учуру

