00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Оливье, ёлка и обещание начать заново: зачем нам всё это каждый год
14:05
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Поэзияда жаңы ысымдар, жаңы дем – Жаштарга жол ачкан “Жаш акын” сынагы өттү
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Стоп-кадр
«Агент келин» — күлкү, күтүүсүз окуя жана жаңы жылга жагымдуу маанай
17:16
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
44 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:45
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Элдин каарына калган немис туристтер

© Фото / Геннадий ЗакировТуристтер. Архив
Туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Апта ортолоп калды, алдыда кыш!

Кыздын бараар жери күйөө. Ар бир ата-эне кызы бой жеткенде бир жерден орун-очок алып, жакшы жерге бүлө болсо экен деп тилейт эмеспи. Анан да кызын ала качып эмес, кыргыздын каадасын кылып куда түшүп, сөйкө салып алып кетсе деп самашат. 

Уулунун тагдырын ойлогон эне. Эне байкуш баланы төрөгөндөн кийин көзү өткүчө чүрпөлөрүн канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай бакканга аракет кылат эмеспи. Кабарчыбыз Зульфия Тургунованын ВИЧ болгон баланын энесинин тагдыры тууралуу материалын окуганда кабыргам кайышып, көзүмө жаш тегеренди.

© Sputnik / Табылды КадырбековВзвешивание бойцов-участников турнира "WEF Global 10: Воины великого шелкового пути"
Взвешивание бойцов-участников турнира WEF Global 10: Воины великого шелкового пути - Sputnik Кыргызстан
Взвешивание бойцов-участников турнира "WEF Global 10: Воины великого шелкового пути"

WEF. 22-ноябрда борбор калаада өтүүчү "WEF Global 10: Улуу Жибек Жолунун баатырлары" аттуу юбилейлик турнири болот. Ага карата бир күн эрте мушкерлер маалымат жыйын өткөрүп, көз караштар таймашын уюштурушкан. Андагы эр жүрөк, жоон билек мушкерлердин бири-бирине сес көрсөткөн ирмемдерин бул жактан көрүңүздөр.

Кымбаттагандан кымбаттап. Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташы күтүлүүдө, айрым түрлөрү 2 сомго чейин көтөрүлө турганын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти. Спирт ичимдиктерине карата акциздин баасын көтөрүү боюнча премьер-министр өкмөттүн токтомуна кол койду. Эми бул ичимдиктердин баасына да таасир этсе керек.

Өлкөдө дагы бир кымбаттаган нерсе — бул көмүр. Ош облусунда Сүлүктү көмүрүнүн баасы 12 500 сомго жетиптир. Кыш кычырап келатканда карапайым калктын чөнтөгүнө күч келбейби? Буга тийиштүү органдар жооп берди.

Наадандар. Кыргызстанда күмбөз үстүнөн сүрөткө түшкөн немис туристтери элдин каарына калып, социалдык тармакта бир топ ызы-чуу жаратты. Булар күмбөздөрдү эстелик менен алмаштырып алган окшойт.

Түштү сууга айтпайт… Президенттин маалымат жыйынында журналист Амантур Мусагулов Атамбаевдин кол саатын чечтирип алды эле, соцтармак колдонуучулары дуулдап "түш көрүп", кыялданып эле жатып калышты. Бири тойго акча сураса, Жогорку Кеңештен мандат алсам дегендер да чыкты.

Ошентип ажо Атамбаевдин да сапары карыды. Жума күндөн тарта жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков кызматка расмий киришет. Инаугурация "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы "Энесай" үйүндө өтүп, артиллериялык залп атылат.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.59 (сатып алуу) жана 69.78 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.70 сом, ал эми дизель майы 36.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Талашканыбыз сый болсун!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0