КРде күйүүчү майдын кымбатташы күтүлүүдө, айрым түрлөрү 2 сомго чейин көтөрүлөт

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүНа АЗС в Великом Новгороде
На АЗС в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп, бул көрүнүш Кыргызстанга дагы кедергисин тийгизип жатат

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Россия дизель майын кошумча нарк салыксыз берүүнү токтотконун Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Улан Кулов билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын сентябрь айынан тарта Россиянын мунай иштетүүчү заводдорунда дүң баа 10-12 пайызга өстү. Ал эми Кыргызстанда чекене баа төрт пайызга жогорулады.

Кулов күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлөрүн божомолдоду.

"Канчага кымбаттарын так айта албайм. Бул ар бир компаниянын өзүнөн көз каранды. Бирок баа сөзсүз эле 10-12 пайызга жогорулайт деп айтууга болбойт", — деди ал.

Ошондой эле ассоциация жетекчиси Кыргызстан менен Россиянын ортосунда бир жыл ичинде кошумча нарк салыксыз 490 миң тонна дизель жана 470 миң тонна бензин алууга келишим бар экенин айтат.

Бензин кучуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда бензин калбай калабы? Күйүүчү май рыногундагы дүрбөлөң
"Учурда өлкө боюнча бензин жетиштүүрөк, бирок дизель майын Россия кошумча нарк салыксыз өткөрбөй жатат. Россия бажычылары "бизге берилген өлчөмдөн жогору дизель алып чыктыңар" деп жатышат. Ал эми биздин эсеп боюнча лимитке жете элекпиз. Учурда кырдаалды жөнгө салууга аракет кылып жатабыз. Биздин айрым компанияларда дизель запасы азайып бара жаткандыктан тоннасына 28,8 доллар кошумча нарк салык төлөп сатып алып жатышат", — деп түшүндүрдү Кулов.

Анын эсептөөлөрү боюнча, эгер кошумча нарк салык маселеси чечилбесе, дизель майынын баасы болжол менен эки сомго кымбаттап кетиши ыктымал.

Күйүүчү майга баанын өсүшү Россия заводдорунда профилактикалык иштердин башталышы жана Казакстандагы бензин тартыштыгы менен түшүндүрүлүп жатат. Анткени ансыз дагы быйыл Россияда баасы кымбат болуп турган күйүүчү майдын импортун бир аз мурда Казакстан көтөрүп койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0