Артиллериялык залп атылып, президент ант берет. Инаугурациянын программасы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инаугурацияга кетчү чыгымдын сметасы 8 миллион 404 миң сомго бааланды

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун кызматка расмий киришүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы "Энесай" үйүндө өткөрүлөт. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтына жарыяланды.

Бүгүн президенттин аппарат жетекчиси Алмазбек Усеновдун төрагалыгы алдында өткөрүлгөн жыйында иш-чаранын ырааты макулдашылды.

"Салтанаттуу аземге 450 адам, анын ичинде КР Баатырлары, өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпус, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган", — деп айтылат маалыматта.

— Салтанаттуу иш чара саат 10.00дө башталат. Инаугурация аземи Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстан элине ант берүүсүн, ага мамлекет башчысынын күбөлүгүн, төш белгисин жана штандартын тапшырууну камтыйт.

— Президенттик кызматка киришүү аземи аяктагандан кийин үч ирет артиллериялык залп атылат;

Визит премьер-министра КР Сооронбая Жээнбекова в Казахстан - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев Жээнбеков менен бирге туугандык мамилени улантаарына ишенет
— Андан соң Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев КР Жогорку Кеңешинин имаратына багыт алышат. Ал жерде ардактуу кароолдун ротасы тизилип, Улуттук гвардиянын командачысы Алмазбек Карасартов өлкөнүн президенти — башкы кол башчысы кызматына киришип жаткан Сооронбай Жээнбековго рапорт берет;

— Андан кийин алар мамлекет башчысынын жумушчу кабинетине барышат;

Инаугурация аземи телеканалдарда жана интернет басылмаларда түз көрсөтүлөт.

Бул күнү борбордун бир катар көчөлөрүндө транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилет.

Инаугурацияга кетчү чыгымдын сметасы 8 миллион 404 миң сомго бааланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0