19:16 02 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.7872
  • EUR89.0098
  • RUB1.1172
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
329850

Кыздын бараар жери күйөө. Бул сөз илгертен эле ар бир бойго жеткен кыргыз кызына айтылып келет. Ата-эне көзү түшүп калган кызга эртелеп куда түшүп, сөйкө салууга ашыккан. Айрыкча акылы менен келбети төп келген, жакшы жерден тарбия алган кыздар элдин назарында болгон.

Ата-бабадан келе жаткан сөйкө салуу, куда түшүү жөрөлгөлөрү тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине жазуучу, этнопедогог Абдыкерим Муратов айтып берди.

Куда түшүү каадасы

Кызы бой жетип калган үй-бүлөгө барып алдынан өтүп, кызын баласына өмүрлүк жар кылып алууга суроо — бул куда түшүү болуп эсептелет. Баргандардын улуусу "силерде кыз бар экен…" деп сөз баштап кудалашуу эрежесин киргизет. Мурда да ошол уруу менен кыз алышып, кыз беришип жүргөн болсо, "сөөк жаңырталы" деп барышкан. Куда түшүп келген тарап кыз жакка бир аз ийкемдүү болуп, кулдук уруп турат. Кызга куда түшүп барганда көбүнчө баланын ата-энеси же аларга кошулуп бир-эки гана адам барган. Куда түшүү менен чоң кудага баруу салттары эки башка. Алсак, куда түшөөрдө кызды эки-үч киши эле сурап барса, чоң кудага кызын алгандан кийин же алып кетээрде калыңын алып көп киши менен барышкан.

Сөйкө салуу шааниси

Сөйкө салуу салты куда түшүп барган тараптар бири-бири менен макулдашкандан кийин ишке ашат. Алгач ата-энелер бир күндү белгилеп, анча деле шаан-шөкөт менен коштолбойт. Сөйкө салуу салты – кыз баланын үйүндө аткарылуучу жөрөлгө. Бул күнү жигит тараптан эки-үч аял келип, кыздын кулагына сөйкө салып кетет. Иймекти баланын чоң энеси, таенеси, апасы же алар жок болсо, алардын ордун баса турган башка туугандары тагат. Негизи мурда көпчүлүк учурда күмүш сөйкө салынса, азыр алтын сөйкө салып алып кетишүүдө. Эгер кызга сөйкөнү өтө кичине кезинде салган болсо, жашына ылайык жаңыртып туруу салты да бар.

Сөйкө салуу — энчилеп коюубу?

Эгер үйлөнө турган кыз-жигиттин ата-энелери эрте эле кудалашып койгон болсо, алар айрым учурда болочок келинине сөйкөнү кичине кезинде эле салып коюшкан. Мындай кыздарды "сөйкөлүү кыз", "бара турган жери бар кыз", "кудаланган кыз" дешип, ага башка ата-энелер, башка жигиттер сөз айта алган эмес.

Негизи салт боюнча көпчүлүк кыздарга сөйкө бой жетип калганда салынат да, сөйкө салынган кыз башка бир үй-бүлөнүн энчисине айланган сыяктуу өзүн башка беш көкүл кыздарга караганда токтоо кармап калат.

Кызды сөзсүз сөйкө салып, куда түшүп алып кетүү керекпи?

Кызды сөйкө салбай, куда түшпөй деле алып кеткендер арабызда аз эмес. Бирок элдик нарк боюнча кыз бала башка бирөөнүн аздектеп чоңойткон баласы болгондуктан, аны баалап, кадырлап, өз расмисин жасоо шарт. Мындай каада-салтты колдонуу менен ата-бабалар жаштарга маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөтүшкөн.

Тема боюнча

Тескери койбойт, бир колдоп сындырбайт. Нанга байланыштуу 6 "болбойт"
Устуканга байланыштуу 10 "болбойт"
Белгилер:
каада-салт, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ