ВИЧ болгон баланын энеси: уулумду угуп кудалар кызыма салган сөйкөсүн чечип кетишти

© AFP / Paul Chiasson / POOLПохоронные церемонии жертв смертельной стрельбы в Монреале
Похоронные церемонии жертв смертельной стрельбы в Монреале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер Кыргызстанда жалпы жонунан 700дөн ашык бала ВИЧ/СПИД инфекциясын алып жүрөрүн айтып берди

10 жаштагы Марат ВИЧ инфекциясынын биринчи баскычы менен жабыркап келет. Ал учурда Оштогу орто мектептердин биринде 4-класста окуйт. Балага бул илдет кайдан, кантип жукканын, ошол күндөн тарта бүгүнкү күнгө чейинки азаптуу жашоосу тууралуу Мараттын 45 жаштагы энеси Айсулуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Зульфия Тургуновага баяндап берди.

Уулум үч жашында бул илдетке чалдыкканын билдик

Жети жылдан бери ВИЧ инфекциясы менен жабыркап келген Бактыгүл Шүкүрова - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык аял ВИЧ илдетине кабылганын коомчулукка ачыктады
Азаптуу жашоо биздин үй-бүлөдө мындан жети жыл мурун башталды. Өзүм биринчи турмушумдан ажырап, эки перзентимди кучактап кала бердим. Ата-энем, бир туугандарым жаш экенимди айтып, мени экинчи ирет турмушка узатышты. Марат экинчи турмушумдан тапкан балам. 2006-жылы 15 күндүк ымыркай кезинде ичи өтүп катуу ооругандыктан Ош облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыландык. Андан кийин да ооруп, үч жашка чыкканда башы чоң болуп, ичи чыгып, эки буту ичке болуп чоңоюп жатты. Дене табы 38 градустан түшпөй койду. Ооруканадан ооруканага которулуп, дарыгерлер "ВИЧ инфекциясы болуп жүрбөсүн" деп шектенип, Ош шаардык балдар ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө анализ тапшырдык. Эртеси баламдын ВИЧ илдети менен жабыркаганы аныкталды. Дарыгерлер жолдошумду, өзүмдү, балдарымдын баарын ВИЧ инфекциясына текшерилүүнү сунушташты. Баарыбыз таза чыктык. Балама бул илдет кайдан жукту деген суроо менен баш катырып, жан дүйнөмдө алаамат башталды.

Жолдошум баласынан намыстанып бизди таштап кетти

…Ал күндөрдү эстеген сайын заманам куурулуп кетет. Балага энеден башка жан түтпөйт экен. Жолдошум албууттанып, "сен баламды ооруканага жаткырып, ушул илдетти жуктурдуң" деп мени далай тилдеди. "Балдар үйүнө өткөрүп берем" деп мени азапка салып, жанчылган көңүлүмдү ого бетер оорутту. Эне кантип эле өз канынан жаралган баладан баш тартсын?.. Жолдошумдун пикири экөөбүздү ажыраштырды. Ошол күндөн тарта көз жашым көл болуп, төрт баламды жалгыз багып отурум калдым. Жолдошум бир да жолу кайрылып койгон жок. Азыр үй-бүлөсү бар деп угам. Мына ушундан кийин бардык азапка эне гана түтүп, эне гана ушундай оор сыноону көтөрө алат экен деген ойдо калдым.

Өкмөт берген 3000 сом баламдын бир жумалык дарысына жетпейт

Глава общественного фонда Альтернатива в наркологии Ирина Пугачева - Sputnik Кыргызстан
Тирүүлөй чирип, жытыман жаныма киши тура алчу эмес... Баңги тууралуу маек
ВИЧ илдети бул нарыдан бери дарылап койсо айыгып кетчү дарт эмес. Күн сайын 3-4 маал дары ичирип, тынбай анализ тапшырып, адамды өтө оор түйшүккө салган оор илдет. Жети жылдан бери уулум дарынын күчү менен жашап келе жатат. Он даана дарысы 1200 cом, аны беш эле күн ичет. Күн сайын ушул сыяктуу дарылардан 7-8 таблеткага чейин ичет. Өкмөттөн ай сайын үч миң сомдон берилүүчү жөлөк пул бир жумалык дарыга да жетпейт. Анткени ВИЧ илдетине чалдыккан адамдын иммунитети өтө эле алсыз болгондуктан, көптөгөн оор илдеттерди, мисалы кургак учук, гепатит, кандидоз сыяктууларды жуктуруп алуу коркунучу жогору. Балам ВИЧ илдетинен сырткары башка илдет менен ооруп калганда ай сайын дарыларынын өзүнө эле 10-15 миң сом коройт. Жугуштуу ооруларды жуктуруп албоо үчүн калориясы күчтүү тамакка муктаж болушат. Жалгыз бой, туруктуу иши жок аялга оорулуу бала менен кошо үч баланы багуу өтө оор.

Баламдын жашоосу дарысыз өтпөй калды

Кээде уулум "эмнеге агам, эжем же иним дары ичпейт, мен эле иче берем, эмнеге ичишим керек?" деп чаң салат. Ичпейм деп албууттанып ыйлап, жүрөгүмдү ого бетер оорутат. Байкуш баламда эмне күнөө? Ага ВИЧ илдети менен ооруй турганын кантип түшүндүрүп, айтмак элем. Убакыт деген учкан куш. Дагы сегиз жылдан кийин балам бой жетет, үй-бүлө күтө турган маалы келет. Анда кандай болот? Илдети тууралуу айтсам кандай кабыл алат? Жашоодон түңүлүп, биротоло кол шилтеп коебу деген коркунучтуу ойлор түн уйкумду качырып, кээде кирпик ирмебей таң атырам…

Талкаланган тагдырлар

Республиканский центр крови в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ар бир 14 саатта бир киши ВИЧ дартына чалдыгат
Республикалык СПИД борборунун дарылоо бөлүмүнүн дарыгери Эркин Тостоков Кыргызстанда жалпы жонунан 700дөн ашык бала ВИЧ/СПИД инфекциясын алып жүрөрүн айтып берди.

Анын айтымында, Ош облусу боюнча бул илдетке чалдыккан 395 бала аныкталган, алардын 291и ооруканадан жуктуруп алган болсо, бир бала баңгизатты колдонгон учурда жуктурган деген божомол бар. Наристелердин 89у энеден жуктуруп алса, 14 баланын жуктуруу жолу аныкталган эмес.

"Андан кийинки орунда 79 оорулуу бала катталган Жалал-Абад облусу турат. Алардын ичинен 30у ооруканадан, 45и энесинен жуктурган. Ош шаарында болсо 72 бала аныкталган, алардын 38и ооруканадан, 33ү энесинен жугузган. Тилекке каршы, ВИЧ илдетинен 72 бала каза болгон", — деди Тостоков.

Дарыгер 2005-2007-жылдары түштүк аймакта илдетти ооруканадан жугузуп алгандардын саны кескин көбөйгөнүн белгиледи. Ал эми акыркы учурларда негизинен балдар энесинен жугузган учурлар катталууда.

Балдардан эң алгачкы ирет ВИЧ илдети аныкталган учур 2005-жылга барып такалат. Анткени ал мезгилде кош бойлуу аялдардын милдеттүү түрдө СПИДге карата текшерүүдөн өтүүсү керек деген милдеттендирме жок болчу, балдарды да текшерүү мынчалык эмес эле. Натыйжада атадан энеге, энеден балага жугуп отуруп, бейтаптардын саны 2005-2007-жылдары кескин көбөйгөн.

Балдарыбызга дарты угузула баштады

АИВ (ВИЧ) илдети КРде таралышынын абалы - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ВИЧ кандайча жайылат — инфографика
Маалыматка ылайык, учурда Ош облусунда 1200дөн ашууун адам ВИЧке чалдыккан болсо, анын ичинен 400гө жакынын жашы жете элек өспүрүмдөр түзөт. Айсулуу айым Ошто ВИЧ илдети менен төрөлгөн балдардын өздөрүнө дарты айтыла баштаганын белгиледи. Анткени оору жуккан балдардын алды бой жетип барат. Алардын үй-бүлө күтүп, жубай тандоосу ар бир энени ойго салып келет. Дарыгерлер турмуш куруу маселеси пайда болгондон бери бул илдеттин жайылуусун азайтуу үчүн ВИЧ илдеттүү жаштарды тагдырлаш адамдарга баш кошууга чакырып жатышат. Ушу тапта ВИЧке кабылган 23 жаштагы жигит жогорку окуу жайды аяктап, үйлөнөйүн десе өзүнө тагдырлаш кызды жолуктура албай кыйналууда. Анткени мындай адамдар тагдырлашына жолукса бири-бирин кемсинтпей туура түшүнүп, үй-бүлөсү бекемирээк болот го деген үмүт бар.

Кудалар кызыма салган сөйкөсүн чечип кетишти

Улуу кызымдын сүйлөшкөн жигитинин ата-энеси келип, кызыма сөйкө салып кетишкен болчу. Бир күнү "кызың да ВИЧ менен оорушу мүмкүн" деп кызымды текшертпестен салган сөйкөсүн чечип кетишти. Ансыз деле жалгыз бой, азаптуу турмушта жашаган мага кудалардын бул кадамы өтө эле оор тийди. Бир баламдын азаптуу тагдыры экинчи балама таасир этип жатканына ызаланып, жанымды коерго жер таппай келем. Уулум менен сүйлөшүп отуруп калганда ал чоңойгондо аскер кызматкери болгусу келерин айтат. Бейкапар баламдын мындай чоң максаттары аткарылбай каларын эстегенде куйкаланып, дагы канча күндүк өмүрү калганын ойлойп санаа тартам…

Жаңылыктар түрмөгү
0