"Де-Факто" гезитинин башкы редактору Амантур Мусагулов "кечинде маалымат жыйынга даярданган болчумун. Түндө түшүмө сиз кирдиңиз, кол саат тапшырып жатыптырсыз" деди.
Атамбаев дароо колундагы саатын чечип, журналистке тапшырып "Аман бол, Амантур" деп тилегин айтты.
Мамлекет башчы бактыга жараша журналисттин түшүнө анын классикалык костюму кирбегенин айтып тамашалады.