Көргөзмөнүн автору, президенттин сүрөтчүсү Султан Досалиевдин айтымында, акыркы алты жыл ичинде өлкөдө Атамбаевдин башкаруусу алдында кандай орчундуу өзгөрүүлөр болгонун көрсөтүү негизги максат болгон.
"Кыргызстандын тарыхындагы алты жыл" сүрөт көргөзмөсү бир айга созулат. Sputnik Кыргызстан агенттиги мамлекет башчынын буга чейин жарыяланбаган, бирок экспозицияга кирген сүрөттөрүн тартуулайт.
24-ноябрь күнү жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы болот.

Президент жаңы жыл алдында неберелери менен

Баатыр эненин батасы

Президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы премьер-министр Сапар Исаков. Сүрөт "Сүйлөшө турган кеп бар" деп аталат

"Кымыз ооз тийүү — бул салт-санааны урматтоо". Сүрөттө Алмазбек Атамбаев менен ошол учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен

Кичинекей манасчы Үмөт менен

Президент Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен сейилдеп жүрөт

Кечки Брюггедеги сейилдөө (Бельгия)

Президенттин сүйүктүү бийи. Сүрөттө Алмазбек жана Раиса Атамбаевалар

Боз үйдө түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедов менен

Үй-бүлөсүнүн курчоосунда

Германиянын канцлери Ангела Меркель менен болгон Бишкектеги бейрасмий жолугушуу

Сүрөт "Үй-бүлөдөгү көз ирмемдер" деп аталат

Президент небере кызы менен

Атамбаев Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун бейитине гүл койду

Учурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков