9-ноября күнү саат 14.00дөр чамасында Чаек айылынын Матыев жана Айылчиев көчөлөрүнүн кесилишинде мектеп окуучусун Subaru Impreza үлгүсүндөгү унаа менен каккан бойдон качып кеткен айдоочу кармалгандыгын Нарын ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Видеодо көрүнүп тургандай, айдоочу окуучуну кагып алат дагы бир аз топтоп туруп, кайра жолун улайт.
"Кийин сегиз жашар бала райондук ооруканага жеткирилип, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда үйүндө. Анын энесинин арызы менен жергиликтүү милиция айдоочунун изин суутпай, ошол эле күнү таап алды", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле 23 жаштагы айдоочу аталган жол кырсыгына катыштыгы бар экенин мойнуна алып, тергөө иштери башталгандыгы кошумчаланды.