БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Мушкер Бегимжан Касымова 23-декабрда Кореянын борбору Сеул шаарында аралаш мушташ боюнча эл аралык турнирде күч сынашат. Бул тууралуу маалыматты спортчу өзү тастыктады.
Беттешти Кореялык "Road FC" спорттук уюму уюштуруп жаткандыгын айтып, атаандашы америкалык мушкер Дестани Йарброу экендигин билдирди.
Касымова эл аралык WEF Proffight 43 турнирин жеңүүчүсү, бокс боюнча КРдин эки жолку, эрежесиз уруш жана кол таймашы боюнча үч жолку чемпиону. Аталган спорттун түрлөрү боюнча спорт чебери.
Машыктыруучулары — ММА боюнча Эмил Токтогонов, бокс боюнча Мирбек Шамуратов.