Илим күнү дүйнө жүзүндө 2001-жылдан тарта ЮНЕСКОнун атайын резолюциясынын негизинде белгиленип жүрөт. Ал документтин алкагында жер бетинде түрдүү изилдөө, долбоорлор колдоого алынып каржыланат. Ал эми Кыргызстанда өкмөттүн токтомунун негизинде 2002-жылдын 10-ноябрынан баштап майрамдалат.
Учурда республика боюнча жалпы жонунан 84 илимий-изилдөө мекеме бар, аларда 4500гө жакын кызматкер эмгектенет. Өлкөдөгү эң биринчи илимий-изилдөө институту 1928-жылы ачылган.

Изилдөөчүлөр Ысык-Көлдөгү балыктын санын аныктап жаткан учур, 1982-жыл

Таш-Көмүрдө табылган динозаврды изилдегени барган экспедициялык топ, 1969-жыл

Археологдор Ысык-Көл жээгинде XIV-XV кылымга таандык кыш жана суу түтүгүн чыгарган байыркы ишкананы тапкан учуру, 1961-жыл

Кыргыз мамлекеттик университетинин лабораторияларынын бири, 1975-жыл

Илимдер академиясынын биология институтунун кызматкерлери сыноо участогунда, 1982-жыл

Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын автоматика институту 1989-жылы универсалдуу экскаваторду иштеп чыккан

Ысык-Көлдөгү Семенов мөңгүсүн изилдегени барган окумуштуулар, 1966-жыл

Биологиялык станциянын адистери Ысык-Көлдүн суусун изилдеп жаткан маалы

Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын биология институтунун герпетологу жыланды изилдөөдө, 1982-жыл

Тянь-Шань аэрологиялык станциясынын кызматкери сигнал кабыл алуучу антеннаны түздөөдө, 1968-жыл

Биохимия жана физиология институтунун лаборанты козуларды эмдеп жатат, 1972-жыл

Суу чарбасы жана энергетика илимий-изилдөө институтунун адистери республиканын ирригация системасын жакшыртуу максатында сыноо жүргүзүүдө, 1972-жыл

Мөңгү изилдөөчүлөр Тянь-Шань тоолорунда, 1978-жыл

