Илимпозу унтулуп, жабдуулары эскирип, илим байкуш кантти экен... Инфографика

© Sputnik / Мария Плотникова / Медиабанкка өтүүСпециальная астрофизическая обсерватория РАН
Специальная астрофизическая обсерватория РАН - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын айрым өлкөлөрдүн окумуштуулары Нобель сыйлыгынын бир нече номинациясы боюнча жеңүүчү аталып, эмгектери менен дүйнөнү дүңгүрөтүп келет. Кыргызстанда илимдин абалы кандай? Sputnik Кыргызстан кабарчысы бул жааттагы жагдайды тактап көрдү.

Кыргызстанда жалпы жонунан 84 илимий-изилдөө мекеме бар. Эң биринчилерден болуп аймак тануу илимий-изидөө институту 1928-жылы ачылган. Негизи мекемелердин басымдуу бөлүгү жогорку окуу жайларына карайт.

Өткөн жылы илим тармагына 405 миллион сом бөлүнгөн. Анын 90 пайыздан ашыгы эмгек акыга кеткен. Салыштыруу үчүн айтсак, Жогорку Кеңештин аппараты 560 миллион сомдон ашык акча каражатын сарптаган.

Жергиликтүү окумуштуулардын эмгектеринин 85 пайызы колдонулбайт жана ага талап жок. Айрым гана ойлоп табуулар учурда чет мамлекеттерде пайдаланылууда. Өлкөдө соңку жылдарда эл аралык деңгээлдеги бир-эки гана илимий ачылыш жарык көргөн.

Ата мекендик илимпоздор эл катары талаа же экспедициялык иштерди жүргүзүүнү унуткан. Себеби ага өлкө казынасынан каражат бөлүнбөйт. Андан сырткары, тиешелүү заттарды, жабдууларды сатып алуу, китеп басып чыгаруу аракеттери акчанын айынан чабал.

Жаңылыктар түрмөгү
0