https://sputnik.kg/20171101/im-futbol-zhyldyzdaryn-korkutuuga-aldy-1036105638.html
"Ислам мамлекети" Роналду, Месси жана Неймарды жазага тартарын жар салды
"Ислам мамлекети" Роналду, Месси жана Неймарды жазага тартарын жар салды
Sputnik Кыргызстан
Ислам мамлекетинин согушкерлери интернетке дүйнөлүк футбол жылдыздарын коркутууга алган билдирүүлөрдү таратты 01.11.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-11-01T11:46+0600
2017-11-01T11:46+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/102215/65/1022156587_0:142:4547:2713_1920x0_80_0_0_a7d8995ae9d7a98e6992bbde9b87e13a.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102215/65/1022156587_0:0:4547:2858_1920x0_80_0_0_f4dc6ab6c37150265341d889c8529f8f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
окуялар, басма сөзгө баяндама, дүйнөдө, коом, спорт, жаңылыктар, лионель месси, неймар да сильва, криштиану роналду
окуялар, басма сөзгө баяндама, дүйнөдө, коом, спорт, жаңылыктар, лионель месси, неймар да сильва, криштиану роналду
"Ислам мамлекети" Роналду, Месси жана Неймарды жазага тартарын жар салды
11:46 01.11.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Ислам мамлекетинин согушкерлери интернетке дүйнөлүк футбол жылдыздарын коркутууга алган билдирүүлөрдү таратты
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрү дүйнөлүк футбол жылдыздарын коркутуп-үркүтүүгө алган билдирүү жасашты.
Андагы сөз испаниялык "Барселона" клубунун жана ПСЖнын оюнчулары Лионель Месси менен Неймарга багытталган.
Интернетке тараган сүрөткө террорчу жазалап жаткан эки футболчунун элеси түшүрүлгөн.
"Биз мусулман өлкөлөрүндө жашап жатканда силер эч качан тынч болбойсуңар", — деп жазылган сүрөттүн алдында.
Бир аздан соң террордук топтун жаңы бутасы катары Мадриддин "Реал" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду көрсөтүлдү. Сүрөттө ур-тепкиге алынган Роналду тизелеп, анын артында бычак кармаган согушкер турганы көрсөтүлгөн.
26 Тогуздун айы 2017, 17:57
"Биздин сөзүбүз силер угуп жаткан эмес, көрүп жаткан нерсе. Андыктан жөн гана күтүп тургула", — деп жазылган анда.
Мындан тышкары, согушкерлер интернет айдыңына 2018-жылы өтчү футбол боюнча дүйнө биринчилигинин эмблемасы, стадиондор тартылган сүрөттөрдү таратышты.
The Sun басылмасынын жазганына караганда, мындай жол менен "Ислам мамлекетинин" мүчөлөрү 2018-жылы Россияда өтө турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин катышуучуларынын жүрөк үшүн алып коюуну максат кылып жатат.