Биринчи кар. Өлкө аймактарынан алынган сүрөттөр

© Фото / Нурсултан КурманбековПервый снег в Кыргызстане
Первый снег в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба ырайынын кескин өзгөрүшү түшүм жыйноо ишин токтотуп койду

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Өлкөнүн көпчүлүк облустарында 30-сентябрга караган түнү биринчи кар жаады. Sputnik Кыргызстан агенттиги дубандардан алынган сүрөттөрдү сунуштайт.

Синоптиктер кечээ ишемби күнү жаандуу аба ырайы сакталарын айткан.

Бишкек шаарында таңкы саат 4:00дөр чамасында жаап жаткан кар.

© Фото / Асылзат ИшеналиевЧүйдүн көпчүлүк райондоруна кар түштү. Сүрөттө Чоң-Кеминдин Тар-Суу айылы
Первый снег в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Чүйдүн көпчүлүк райондоруна кар түштү. Сүрөттө Чоң-Кеминдин Тар-Суу айылы

Кар Чүйдүн көпчүлүк райондоруна түштү. Чоң-Кеминдин Тар-Суу айылынын жашоочулар мындай аба ырайы өзгөчө,  картошка казуу иштерин аргасыздан токтоткондугун айтты.

© Фото / Нурсултан КурманбековТалас районундагы кар
Первый снег в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Талас районундагы кар

Ошентип Талас облусунун көпчүлүк жеринде 10 сантиметрге чейин кар жаады. Облуста мөмө-жемиштерди терүү иши толугу менен бүтө элек.

© Фото / Нурбек СакеновКаракол шаарындагы кар
Первый снег в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Каракол шаарындагы кар

Андан сырткары, Нарын, Ысык-Көл облусунун айыл жерлеринде 4-6 сантиметрге чейин кар түшкөн, ал жакта аба ырайы дагы эле бүркөө.

© Фото / Кубанычбек ОкеевНарындын Ат-Башы районундагы кар
Первый снег в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Нарындын Ат-Башы районундагы кар

Баткендин бардык эмес, бир катар райондоруна кар түштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0