БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Ишемби күнү жаандуу аба ырайы сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 18-23 метрге жетет.
Чүй, Талас өрөөнүндө 6…11, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 11…16, Ысык-Көл менен Нарында 6…11 градус жылыйт.
Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 9…11 градус, Ошто 12…14 градус жылуу болот.