БИШКЕК, 26-авг — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында шаар тургундарын жана конокторун сагызды көчөгө таштабоого чакырды.
"Сагыз жабышкан жерде кара тактар пайда болуп, аны кол менен гана тазалап кетирүүгө болот экен. Келгилечи, борбор шаарыбызды сүйүп, барктап чогуу сактайлы. Анткени таза шаар ар бирибизден башталат", — деп жазылган билдирүүдө.
Муниципалдык ишкананын кызматкерлери борбордук аянттагы жерге жабышып, катып калган сагыздарды кир жуучу каражаттар менен жууп кетирген.
"Тазалык" муниципалдык ишканасы Ала-Тоо аянтын 31-август эгемендүүлүк майрамына даярдоодо. Анда кызматкерлер тосмолорду сырдап бүтүп, майрамга чейин ал жактагы тазалыкка көз салууда.