БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов маалымат жыйын учурунда ар кандай ушактарга карабастан президенттик шайлоого катышуудан баш тартпай турганын билдирди.
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Учурда 50дөн ашык кыргызстандык БШКга талапкерлигин көрсөтүп, арыз менен кайрылган. Алардын ичинде Бабанов дагы бар.
"Акыркы күндөрү мен бирөөлөр менен тандем түзүп, президенттик жарыштан баш тартарым тууралуу маалыматтар таркап жатат. Мен акырына чейин барам, эгер эл колдосо президент болом", — деди Бабанов.