БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Астана шаарынын апелляциялык соту сүйлөшкөн кызын өз досуна 50 миң теңгеге (150 доллар — ред.) сатып ийген адамга карата соттун мурдагы чечимин күчүндө калтырганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Мурдараак Есильский районундагы №2 сот аны Казакстандын Кылмыш жана жаза кодексинин 128-беренеси (Адам сатуу) менен 2,5 жылга эркинен ажыраткан.
Маалыматка караганда, 20 жаштагы кыз менен 33 жаштагы жигит Алматы шаарында таанышкан. Соттолуучу кызга үйлөнөм деп сөз берип, апасы менен тааныштырмакчы болуп Астанага алып келет да, өзүнүн досуна сексуалдык кулчулукка 50 миң теңгеге сатып жиберген.
Айрым маалымат каражаттары жабыркаган кыз буга чейин интимдик кызматтарды көрсөтүп жүргөн деген божомолун айтышууда.