Кыргызстанда бала асырап алуу процесси канчалык кыйын, эмне үчүн кыргызстандыктар балдар үйүнөн эмес, төрөтканалардан көбүрөөк бөбөк багып алууну каалашат жана бир жылда канча бала ата-энелүү болот? Бул суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттиги жооп издеп көрдү.
"Сегиз жылда эки жолу боюман түшүп, анысы аз келгенсип эл да "качан төрөйсүң, эмнеге төрөбөйсүң?" деген сөздөрдү айта берип тажатты. Канча байлыгың, акчаң болуп, бирок балаң жок болсо жашоо кызыгы болбойт экен. Кээ күндөрү жашагым келбей "эмне үчүн баарына буюрган бакыт мага буюрбайт" деп баарын таштап көз көргөн жакка кетип калгым келчү. Акыры туугандардын "балким бала асырап алсаңар артынан бала ээрчитип келээр" деген кеңеши менен Жаныбек экөөбүз бала багып алууну чечтик. Балдар үйүнөн тарта, төрөтканаларга чейин кыдырып бир жылдан бери ылайыктуу бала таба албай жүрөбүз ", — деди Асылгүл.
Бала багып алуу оңой эмес
Асылгүл жолдошу экөө алгач эле балдар үйлөрүн кыдырган. Бирок ал жакта көпчүлүгү оорулуу балдар экенин көрүп каалоолору сууп калганын айтышат.
"Көздөрүн жалдыраткан балдарды көрүп алып багып алгың келет. Бирок биз жаңы төрөлгөн же үч жашка чейинки дени сак бала издеп жүргөнбүз. Биздин талап менен бөбөк табуу чындап эле кыйын экен", — деди Асылгүл.
Каарманыбыздын сөзүнө Сокулук районундагы Военно-Антоновка балдар үйүнүн директору Аскар Масылов толук кошулат. Анткени балдар үйүндө чындап багып алууга муктаж балдар аз кездешет.
Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Гүлзина Бообекова бала багып алуунун процесси татаал болгондуктан айрымдар кыйынчылыктан качып, баланы сатып алган учурлар кездешерин белгиледи.
"Көпчүлүк адамдар бала багып алуудагы процесс татаал экен деп нааразы болушат. Биринчиден бала асырап алуу — чоң жоопкерчилик, анын да өзүнүн жол-жобосу болот. Биз дагы ишеничке кирбеген адамга баланы дароо карматып кое албайбыз. Ал үчүн тиешелүү документтерди топтоп, кезекке туруусу кажет", — деди Бообекова.
Бала асырап алам деген үй-бүлө алгач аймактык бөлүмгө кайрылып, эмне себептен бала багып алганы жатканын түшүндүрүп бериши керек. Андан соң гана тиешелүү документтерди чогулта баштайт.
Керектүү документтер:
- Бала багып алуучулардын балдар үйү жайгашкан райондун Камкордук жана көзөмөл бөлүмүнүн башчысына арызы;
- Багып алуучулардын паспортунун көчүрмөсү;
- Багып алуучулардын нике күбөлүгү (эгер үй-бүлөлүү болсо);
- Туруктуу жашаган жериндеги үйүнүн документинин көчүрмөсү;
- Иштеген жерин жана эмгек акысынын көлөмүн так көрсөткөн маалымдама, мүнөздөмө, өмүр баяны;
- Ички иштер органдарынан соттолбогондугу тууралуу маалымдама;
- Медициналык текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу маалымдама. Башкача айтканда, тубдиспансерде каттоодо жокпу, онкологиялык, тери же психоневрологиялык оорулуу эмеспи, мына ушулар туурасында маалымдама.
- Аталган документтерди тапшырган соң аймактык камкордук жана көзөмөл бөлүмү арыз ээсинин жашаган жерин барып текшерип, акт түзөт.
- Арыз берилген күндөн тарта 14 күндүн ичинде аймактык бөлүмдүн кызматкери корутунду даярдайт.
- Андан соң гана өздөрү арызда көрсөткөн талаптары боюнча кезегин күтөт.
Кезеги келген соң бала багып алам дегендердин койгон талаптары боюнча наристе чыгып калса эки тарапты (бала менен аны багып алчу адамдар) тааныштырып, жолуктурат. Бири-бирине жакса, соттун негизинде аны асырап алышат.
Кыргызстанда акыркы үч жылда канча бала асырап алууга берилген
Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча бир жылда өлкөдө кыргызстандыктар 1000ге чукул, ал эми чет өлкөлүктөр 20дан ашык бала багып алат экен. Ал эми быйылкы жылы бөбөк асырап алууга 217 адам кезекте турат.
Асырап алууга балдар үйү эмес, төрөткана ылайыктуубу
Гүлзина Бообекова кошумчалап кеткендей бала асырап алууну татаалдаштырган дагы бир маселе — кыргызстандыктардын көбү жаңы төрөлгөн же үч жашка чейинки ымыркай багып алууну каалашат экен. Анын үстүнө ташталган балдардын көбү — майып наристелер.
Ал ошондой эле акыркы учурда айрым кыргызстандыктар деле нышан, таңдайы жок же жүрөгүнөн кемтиги бар балдарды багып алган учурлар көбөйүп жатканын кошумчалады.