https://sputnik.kg/20260616/1101903116.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров “Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө 12-июнда кол койду. Ага ылайык, депутаттарга бош убактысында... 16.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-16T13:00+0600
2026-06-16T13:00+0600
2026-06-16T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/10/1101902950_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_cc1d5a3e3ab87393986a69ada0e6f48f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров “Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө 12-июнда кол койду. Ага ылайык, депутаттарга бош убактысында педагогикалык, илимий жана чыгармачылык ишмердүүлүк менен алектенүүгө уруксат берилет. Мыйзамда билим берүү, илим жана чыгармачылык жаатындагы депутаттардын ишмердүүлүгүнө аныктама берилип, ал үчүн сый акы алууга укуктуу экени так көрсөтүлгөн.
Мекемелердин жана ооруканалардын имараттары административдик жана медшаарчаны курган инвесторлорго өткөрүлүшү мүмкүн Президент мамлекеттик мекемелер шаардын чет жакасындагы административдик шаарчага, ал эми ооруканалар медициналык жаңы шаарчага көчүрүлгөн соң, алардын имараттары менен жер тилкелерин баалап, инвесторлорго берүүгө жол ачкан жарлыкка кол койду. Мындай кадам курула турган медициналык шаарчаны каржылоо үчүн жасалат. Жарлыкка ылайык, медициналык мекемелер жаңы шаарчадагы объектилер пайдаланууга берилген сайын этап-этабы менен көчүрүлөт. Ошол эле учурда бошотулган имараттар жана жер тилкелери инвестициялык келишимдердин алкагында инвесторлорго өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Мындан тышкары, медициналык мекемелердин мүлкүн жана жерлерин инвесторлорго өткөрүүдөн түшкөн каражаттарды эсепке алуу үчүн өзүнчө атайын эсеп ачуу каралган.
Кыргызстанда чет элдик мамлекеттик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу мөөнөтү 2026-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.Маалыматка ылайык, учурда айып короолорунда турган чет элдик номерлүү унаалардын ээлерине транспорт каражаттарын чыгарып кетип, каттоодон өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилди.Мыйзамдаштыруу процессин жүргүзүү үчүн унаа ээлери бардык топтолгон айып пулдарды жана милдеттүү төлөмдөрдү толугу менен төлөшү зарыл.Ошондой эле айып короосунда турган унаалар үчүн жеңилдетилген шарттар каралган. Ага ылайык, бир суткалык сактоо акысы 50 сомду түзөт жана жалпы эсептелген төлөмдүн 50 пайызына чейин арзандатуу берилет.Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарды берилген мүмкүнчүлүктөрдү өз убагында пайдаланып, унааларын белгиленген мөөнөттө мыйзамдаштырууга чакырды.
ЕБдеги аткаминерлерди Ак үйдүн кожоюнунун атайын чабарманы жана күйөө баласы Стивен Уиткофф менен Жаред Кушнердин Москвага келиши түйшөлтүүдө. Бул туурасында РИА Новости Politico басылмасына таянып жазды. Батыштыктар Америка Москва менен Украина боюнча Европасыз эле сүйлөшөт деп кооптонуп жатканы айтылды. Россия менен АКШнын президенттери Владимир Путин жана Дональд Трамп мурдараак телефондон сүйлөшкөндө жогоруда аталган эки өкүлдүн Москвага келишин макулдашкан. РФ лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков алар жакын арада келе тургандыгын кабарлаган. "Стивен Уиткофф менен Жаред Кушнердин келиши аларда кооптуулукту жаратып жатат. Трамп Европанын жардамысыз эле сүйлөшүү жүргүзүүгө ниеттенет деп түйшөлүп турушат", — деп жазылган макалада. Бул эки өкүл соңку ирет Москвага январь айында келип, Владимир Путин менен үч сааттан ашык сүйлөшкөн. Тараптардын кеби негизинен Украина жаңжалы болгон эле.
Садыр Жапаров “Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө 12-июнда кол койду. Ага ылайык, депутаттарга бош убактысында педагогикалык, илимий жана чыгармачылык ишмердүүлүк менен алектенүүгө уруксат берилет. Мыйзамда билим берүү, илим жана чыгармачылык жаатындагы депутаттардын ишмердүүлүгүнө аныктама берилип, ал үчүн сый акы алууга укуктуу экени так көрсөтүлгөн.Мекемелердин жана ооруканалардын имараттары административдик жана медшаарчаны курган инвесторлорго өткөрүлүшү мүмкүн Президент мамлекеттик мекемелер шаардын чет жакасындагы административдик шаарчага, ал эми ооруканалар медициналык жаңы шаарчага көчүрүлгөн соң, алардын имараттары менен жер тилкелерин баалап, инвесторлорго берүүгө жол ачкан жарлыкка кол койду. Мындай кадам курула турган медициналык шаарчаны каржылоо үчүн жасалат. Жарлыкка ылайык, медициналык мекемелер жаңы шаарчадагы объектилер пайдаланууга берилген сайын этап-этабы менен көчүрүлөт. Ошол эле учурда бошотулган имараттар жана жер тилкелери инвестициялык келишимдердин алкагында инвесторлорго өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Мындан тышкары, медициналык мекемелердин мүлкүн жана жерлерин инвесторлорго өткөрүүдөн түшкөн каражаттарды эсепке алуу үчүн өзүнчө атайын эсеп ачуу каралган.Кыргызстанда чет элдик мамлекеттик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу мөөнөтү 2026-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.Маалыматка ылайык, учурда айып короолорунда турган чет элдик номерлүү унаалардын ээлерине транспорт каражаттарын чыгарып кетип, каттоодон өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилди.Мыйзамдаштыруу процессин жүргүзүү үчүн унаа ээлери бардык топтолгон айып пулдарды жана милдеттүү төлөмдөрдү толугу менен төлөшү зарыл.Ошондой эле айып короосунда турган унаалар үчүн жеңилдетилген шарттар каралган. Ага ылайык, бир суткалык сактоо акысы 50 сомду түзөт жана жалпы эсептелген төлөмдүн 50 пайызына чейин арзандатуу берилет.Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарды берилген мүмкүнчүлүктөрдү өз убагында пайдаланып, унааларын белгиленген мөөнөттө мыйзамдаштырууга чакырды.ЕБдеги аткаминерлерди Ак үйдүн кожоюнунун атайын чабарманы жана күйөө баласы Стивен Уиткофф менен Жаред Кушнердин Москвага келиши түйшөлтүүдө. Бул туурасында РИА Новости Politico басылмасына таянып жазды. Батыштыктар Америка Москва менен Украина боюнча Европасыз эле сүйлөшөт деп кооптонуп жатканы айтылды. Россия менен АКШнын президенттери Владимир Путин жана Дональд Трамп мурдараак телефондон сүйлөшкөндө жогоруда аталган эки өкүлдүн Москвага келишин макулдашкан. РФ лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков алар жакын арада келе тургандыгын кабарлаган. "Стивен Уиткофф менен Жаред Кушнердин келиши аларда кооптуулукту жаратып жатат. Трамп Европанын жардамысыз эле сүйлөшүү жүргүзүүгө ниеттенет деп түйшөлүп турушат", — деп жазылган макалада. Бул эки өкүл соңку ирет Москвага январь айында келип, Владимир Путин менен үч сааттан ашык сүйлөшкөн. Тараптардын кеби негизинен Украина жаңжалы болгон эле.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/10/1101902950_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9ff9564445abff92bf3e0a8d4aeb1154.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио