Сүрөтчү кесиптешим Табылды Кадырбеков экөөбүз төрөт залын узатасынан кыдырып жүрөбүз. Совет маалында аялдардын баары бир чоң бөлмөдө көз жарчу. Ал эми азыр ар бир келинге өзүнчө бөлмө каралган.
№2 төрөткананын башкы дарыгери Азамат Алымбаев мындай шарттар баарына жеңилдик берет деген ойдо.
"3-4 аял бир жерде төрөгөнү баарына ыңгайсыз, чүнчүтүп да жиберет. Бири кыйкырат, экинчиси ыйлайт, үчүнчүсү сөгүнөт, төртүнчүсү бул жерге келгенине капа. Азыркы учурда 8 төрөт залы иштейт, энелер ымыркайлары менен калат", — деди доктур.
Жыйырма мүнөт өтүп-өтпөй Наргиза айым "төрөп" чыкты, биз дагы жаңы кыргызстандыктар жарыкты көргөн жай менен таанышуу үчүн баш бактык.
Дарыгерлер кош бойлууларды коркутпоого жан үрөйт
Бизге бир гана бөлмөгө кирүүгө уруксат беришти. Анда жаткан айым айланасында эмне болуп жатканына кайдыгер. Дубалга тигиле, эч ким менен сүйлөшкүсү жок.
Анча кең эмес төрөт залы абдан ыңгайлуу экен, керебеттен башка толгоо маалында керектелчү тырманма дубалы, орточо көлөмдөгү топ бар. Бөлмөдө аялдар отуруп, жатып же төрт аяктап, айтор, ар кандай болуп жүрө алат.
"Совет учурунда талап кылынчу клизма жасабайбыз, аялдарга кырынып келгиле дебей да калдык. Азыр эркин төрөттү колдойбуз, аялдар ичип-жеп, жакындары менен телефон аркылуу байланыша берет", — деп бөлүштү доктур.
"Өнөктөштүк төрөттү дайым колдойбуз. Кош бойлуунун жанында жолдошу, энеси же эжеси болсо, ооруну басаңдатуучу дарыларды үнөмдөп калабыз. Мурда буга уруксат берилбегендиктен, болочок эне аябай коркчу, кыйналчу. Ал эми жанында жакындарынан бирөө болсо, дары да сурабайт. Муну сизге башкы дарыгер катары айтып жатам", — деп түшүндүрдү Азамат Алымбаев.
Бөлмөдөн чыкканыбызда болочок эненин эмнеликтен кабагы салыңкы экендигин сурадым. "Түйүлдүктө жүрөк кемтиги бар" деп шыбырады мага Наргиза Турсунбековна.
Көңүл чөгөрткөн учурлар
Дарыгерлердин айтымында, кош бойлуу кезде ар кандай нерсе болушу ыктымал. Өмүрүндө бир даана тамеки колуна албаган, спирт ичимдигин татпаган кош бойлуулардын да көйгөйү болушу мүмкүн.
Мамасейитова төрөт үйүндөгү он сегиз жылдык иш тажрыйбасында эмнени гана көрбөгөнүн айтат.
"Былтыр бир ымыркай мээ сөөгү жок төрөлдү. Дароо эле чарчап калды. Жүз баланын биринде кездешчү патология болот. Жарыкка келген ымыркайынын колу жипке илингендей, Буратино сымал. Сөөгү жок, териси эле бар экен", — деп баяндады доктур.
Патология бөлүмүнүн бөлмөлөрү чанда бош калат. Ал жакта олуттуу оорулары болгонуна карабай, ымыркайын эсен-соо жарыкка алып келүүгө үмүтү барлар да, медициналык көрсөткүчтөр боюнча бойдон алдыруудан башка аргасы жоктор да жатат.
"Албетте, ишибизде кереметтер да болот. 47 жаштагы кош бойлуу аял түштү бизге. Тун ымыркайы экен, кырсыкка учурап, сөөктөрү сынып кетиптир. Бирок биз аны төрөттүк, дүйнөгө саламаттыгы чың наристе келди! Дагы төрөйм деп кеткен", — деп жылмаят дарыгер.
"Мунун баары канын уулай берген. 38 эле жашта экен, эки баланын энеси. Кудай бир сактады аны! Жаңы чыккан, абдан күчтүү дарыларды Москвадан алдырып жаттык", — деди Мамасейитова.
Доктурлар аялдар өздөрү билип туруп бешинчи, атүгүл алтынчы баласын кесарево жолу менен төрөгөнүн айтат. Мындай операция негизи үч гана жолу жасалууга тийиш. Бирок мыйзам тыюу салбагандыктан, патология бөлүмүнүн 20 палатасы тең бош болбойт.
Жарым килолук ымыркай адам болуп кетеби?
Тез-тез дем алганы көрүнүп турат, териси кандайдыр күңүрт кызгылтым түстө. Бир нече ирмем гана көрсөтүп, пардасын тартып койду. Кичинекей көздөр күндүн жарык нуруна көнө элек экен.
"Адам болуп кетерин Алла Таала гана билет. Дем алышы үчүн биз колубуздан келгенин жасайбыз. Төрөт маалында кан да кеткен, ар кандай кесепети болушу мүмкүн", — деди балдар реанимация бөлүмүнүн башчысы Арзыкан Жайнакова.
Бул кувездерде жылуу жана караңгы – ымыркай өзүн эненин жатынында жаткандай сезет. Баса, бөлүмдө шып, дубал жана полу да атайын каражаттар менен төшөлгөн.
"Жыл бою 24-25 градуста кармалып турушу үчүн бөлмөдө кондиционер иштейт. Ымыркайын жарык дүйнөгө алып келгендигине ыраазычылык иретинде бир боорукер адам бул бөлмөлөрдү ремонт кылууга көмөк көрсөткөн", — деп бөлүштү доктур.
Врачтар дайым кан ичкич, бейтаптар дайым периште эмес
Мындан беш жыл илгери жогорку категориядагы акушер-гинеколог, медицина илимдеринин доктору, профессор Асанбек Шаршенов өз үйүнүн алдынан атылган. Маркумдун жубайынын айтымында, операция столунда жан берген бейтаптын жолдошу өлүмгө буйруптур. Азыркыга чейин кылмыштын бети ачыла элек.
Наргиза Мамасейитова профессордун жаркын элеси дарыгерлердин жүрөгүндө сакталарын айтат.
"Бизге кол көтөрүшөт, уруп-согушат. Бир киши аялын толгоосу келгенче доктурга алып келген эмес да, ал күнү укуктарын айтып кыйкырат. Андай адамдар укуктарын гана эмес, милдеттерин да билишсе…", — деп баш чайкайт доктур.
Кош бойлуу кез эч көйгөйү жок өтсө да, болочок эненин эч бир жери оорубаса да, ар кандай жагдай жаралышы мүмкүн. Дарыгерлер Кудай эмес, алар болгону жардам берүүгө кол сунган адамдар.