Тукумсуздуктун себептерин медицина көп себептерге байланыштырып, ар кандай ыкма менен дарылоодо. Ал эми эл арасында согончогу канабаган аялдарга түрдүү ырым-жырымдар колдонулган жана айрым учурда жардамы тиет деген түшүнүк бар. Медицинанын көз карашы менен алганда, бул күлкү жаратат. Анткен менен эл арасында бул ишенимдер кадимкидей орноп калган.
Көп төрөгөн аялдын кийимин уурдап кийген. Көп балалуу аялдын кийимин сурабай, уурдап кийсе тезирээк боюнда болот деген ишеним болгон.
Кичине баланын заарасы. Балага зар болгон келиндер бөбөктү атайын этегине заара кылдырган. Үйүнө балдар келип булгап кетсе да жакшылыкка деп ырымдашкан.
Төрөбөгөн аял арданып. Согончогу канабаган аял жентек тойго, баланын ар түрдүү ырым-жырымдарына барып калганда аны атайын ардантышкан. Чычалаганда ал балалуу боло алат деген түшүнүк эл арасында айтылып келет.
Бала багып алган. Этегинен жалгабаган аял көп төрөгөн аялдардын балдарын сурап асырап алган. Анткени ымыркай артынан бөбөк ээрчитип келет деп ишенишкен.
Сүмөлөк кайнаткан очокту айланган. Төрөй албай жүргөн аял сүмөлөк кайнаткан очоктон үч жолу айланып чыккан. Ошондой эле сүмөлөк кайнаткан оттун өтө ысык эмес күлүнө да отурган.
Жер которгон. Этегинен жалгабаган аял жер которуп, чет жактарга же башка аймакка көчүп барса да төрөйт деп коюшкан.
Көп балалуу аялдын кешигин ичкен. Илгертен кыргыз эли кешикке өзгөчө маани берип, улгайган, зоболосу бийик карылардын түбүн ичүүгө ашыккан. Ошондуктан эч кимге көргөзбөй көп төрөгөн аялдын кешигин жакшы ниет менен ичсе, боюна бүтүшү мүмкүн деп ырымдашкан.
Көп төрөгөн аялдын кийимине сөйкөнүп койгон. Ал тургай көп төрөгөн аялдын төшөгүнө эч кимге билинбей оонап койсо да боюнда болуп калышы ыктымал деген ырым бар.