https://sputnik.kg/20260616/1101897067.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 781,1 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,2%га... 16.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-16T08:59+0600
2026-06-16T08:59+0600
2026-06-16T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/10/1101896898_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0dd7f9940dc5b854aa022f0aea7619e2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 781,1 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,2%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев маалымат жыйынында билдирди.Анын айтымында, ушул эле мезгилде өнөр жай продукциясынын көлөмү 374,7 млрд сомго жеткен.Өнөр жайдагы өсүш металл, азык-түлүк, тазаланган мунайзат, курулуш материалдары, транспорт каражаттары, ошондой эле химиялык жана фармацевтикалык продукциялардын өндүрүшүнүн көбөйүшү менен камсыздалды.
Кепилдик фонд менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Дүйнөлүк банк долбоорунун алкагында субсидиардык келишимге кол коюшту. Каражат “жашыл кепилдиктер” механизмин ишке ашырууга жана чакан жана орто бизнести колдоого багытталат.Долбоор Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жана ишкерлер үчүн каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө шарт түзөт.Кепилдиктер негизинен төмөнкү багыттарга берилет:кайра жаралуучу энергия жана энергия үнөмдөө;өндүрүштөрдү экологиялык талаптарга ылайык модернизациялоо;туруктуу айыл чарба ыкмалары.
Айтматов районунун Аманбаев айылында жашылча-жемиштерди сактоо жана кайра иштетүүчү “Талас Органик” ЖЧКсынын заводунун курулушуна капсула салынды. Долбоордун алкагында 300 гектар жер өздөштүрүлүп, анын 40 гектарына картошка эгилген. Тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп, 100 метрлик скважина казылып, 10 миң куб метрлик суу сактагыч пайдаланууга берилди."Мындан тышкары, 20 гектар аянтка заманбап муздаткыч кампалар жана жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү өндүрүш комплекси курулууда. Долбоордун жалпы наркы 320 млн сомду түзөт. "Альянс Алтын" өнүктүрүү фондунун колдоосу менен бүгүнкү күнгө чейин 200 млн сом каражат бөлүнүп, ал айыл чарба техникаларын, заманбап жабдууларды сатып алууга, бассейндерди курууга жана тамчылатып сугаруу системасын орнотууга жумшалууда", - деди Жумаев.Ишкана жүздөгөн жумуш орундарын түзүп, Талас облусунда айыл чарбаны өнүктүрүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө салым кошору күтүлүүдө. Завод Эгемендүүлүк күнүнө карата, 31-августта ишке берилери пландалууда.
АКШ менен Канаданын курамынан чыгуу демилгеси эки өлкөнүн ар кайсы аймактарында күч алууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги The New York Times гезитине жарыяланган макалага таянып жазды. Тагыраагы, басылма Американын Калифорния, Орегон жана Вашингтон штаттарынын, ошондой эле Канаданын Британиялык Колумбия провинцияларынын аймактарын бириктирген Каскадия мамлекетин түзүү демилгесине көңүл бурган. Ошондой эле гезит Техас, Калифорния, Нью-Мексико жана башка штаттардагы ушул өңдүү пландарга басым жасаган. "Диалог жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да күмөндүү көрүнгөн учурда көз карашы, баалуулуктары жакын аймактарды бириктирүү же өлкөнүн курамынан бөлүү идеяларын жактаган кыймылдар күч алып жатат", — деп жазган The New York Times. Мындан тышкары, "Каскадия өлкөсүн түзүү" кыймылынын уюштуруучусу Эндрю Энгельсон ко
2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 781,1 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,2%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев маалымат жыйынында билдирди.Анын айтымында, ушул эле мезгилде өнөр жай продукциясынын көлөмү 374,7 млрд сомго жеткен.Өнөр жайдагы өсүш металл, азык-түлүк, тазаланган мунайзат, курулуш материалдары, транспорт каражаттары, ошондой эле химиялык жана фармацевтикалык продукциялардын өндүрүшүнүн көбөйүшү менен камсыздалды.Кепилдик фонд менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Дүйнөлүк банк долбоорунун алкагында субсидиардык келишимге кол коюшту. Каражат “жашыл кепилдиктер” механизмин ишке ашырууга жана чакан жана орто бизнести колдоого багытталат.Долбоор Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жана ишкерлер үчүн каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө шарт түзөт.Кепилдиктер негизинен төмөнкү багыттарга берилет:кайра жаралуучу энергия жана энергия үнөмдөө;өндүрүштөрдү экологиялык талаптарга ылайык модернизациялоо;туруктуу айыл чарба ыкмалары.Айтматов районунун Аманбаев айылында жашылча-жемиштерди сактоо жана кайра иштетүүчү “Талас Органик” ЖЧКсынын заводунун курулушуна капсула салынды. Долбоордун алкагында 300 гектар жер өздөштүрүлүп, анын 40 гектарына картошка эгилген. Тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп, 100 метрлик скважина казылып, 10 миң куб метрлик суу сактагыч пайдаланууга берилди."Мындан тышкары, 20 гектар аянтка заманбап муздаткыч кампалар жана жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү өндүрүш комплекси курулууда. Долбоордун жалпы наркы 320 млн сомду түзөт. "Альянс Алтын" өнүктүрүү фондунун колдоосу менен бүгүнкү күнгө чейин 200 млн сом каражат бөлүнүп, ал айыл чарба техникаларын, заманбап жабдууларды сатып алууга, бассейндерди курууга жана тамчылатып сугаруу системасын орнотууга жумшалууда", - деди Жумаев.Ишкана жүздөгөн жумуш орундарын түзүп, Талас облусунда айыл чарбаны өнүктүрүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө салым кошору күтүлүүдө. Завод Эгемендүүлүк күнүнө карата, 31-августта ишке берилери пландалууда.АКШ менен Канаданын курамынан чыгуу демилгеси эки өлкөнүн ар кайсы аймактарында күч алууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги The New York Times гезитине жарыяланган макалага таянып жазды. Тагыраагы, басылма Американын Калифорния, Орегон жана Вашингтон штаттарынын, ошондой эле Канаданын Британиялык Колумбия провинцияларынын аймактарын бириктирген Каскадия мамлекетин түзүү демилгесине көңүл бурган. Ошондой эле гезит Техас, Калифорния, Нью-Мексико жана башка штаттардагы ушул өңдүү пландарга басым жасаган. "Диалог жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да күмөндүү көрүнгөн учурда көз карашы, баалуулуктары жакын аймактарды бириктирүү же өлкөнүн курамынан бөлүү идеяларын жактаган кыймылдар күч алып жатат", — деп жазган The New York Times. Мындан тышкары, "Каскадия өлкөсүн түзүү" кыймылынын уюштуруучусу Эндрю Энгельсон ко
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/10/1101896898_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d57924cec416a850b423b54d31db02e8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио