ЖАЛАЛ-АБАД, 18-июл. — Sputnik. Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн самбо боюнча Азия чемпионатында ИИМдин Жалал-Абад облусундагы атайын багыттагы полктун милициясы Улан Абдимамат уулу алтын медаль алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аталган спорттук иш-чарага 25 өлкөнүн спортчулары катышкан. Абдимамат уулу 100 килограммдан жогору салмак категориясы боюнча күч сынашкан.
"Ташкентте сегиз атаандаш менен күрөштүм. Аларды жеңүү бир топ кыйынга турду. Биздин желекти желбиретип, гимнибиз жаңырган учур мен үчүн кайталангыс мүнөттөр болду", — деди Абдимамат уулу.
ИИМдин Жалал-Абад облусундагы атайын багыттагы полктун күжүрмөн даярдык боюнча тескөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Таалайбек Калматов чемпионатка бир жыл даярдык көрүшкөнүн кошумчалады.