БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Филиппиндик боксчу Мэнни Пакьяо WBO версиясы боюнча чемпиондук үчүн өткөн беттеште утулуп калды. Бул тууралуу Р-Спорт сайты билдирди.
Беттеш жекшемби күнү Брисбен шаарында өткөн. Пакьяо австралиялык 29 жаштагы спортчу Жефф Хорн менен беттешип, калыстардын чечими менен Хорн жеңишти камсыздады.
38 жаштагы Пакьяо ушуну менен жетинчи жолу жеңилүү ызасын тартып жатат жана WBO версиясы боюнча чемпиондук титулун коргоп кала алган жок.
Пакьяо калыстардын чечимин сыйлай турганын айтты.