БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кыргыз радиосу уюштурган "Жаш толкун" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган радионун кызматкери Адилет Артыкбеков билдирди.
Анын айтымында, студенттер арасындагы билим таймашынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты 29-июнда саат 10.00дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканын чоң залында өтөт.
"Сынагыбыздын максаты — студенттердин китеп окууга болгон кызыгуусун арттырып, дүйнө таанымын кеңейтүү менен бирге университеттер арасында достук алакасын түзүү. Буюрса мыктылар диплом жана акчалай байгелер менен сыйланат", — деди Артыкбеков.
Ал таймашка Бишкек шаарындагы 24 жогорку окуу жай катышкандыгын айтып, "Саякбай манасчы" эл аралык коомдук фонду демөөрчүлүк кылганын кошумчалады.