БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Аксы районунун Авлетим айыл аймагындагы Терек-Сай айылында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп турак жайларды каптаган. Кырсык тууралуу маалыматты жана анын видеосун ӨКМ өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.
Маалыматка ылайык, 6-июнь күнү айылдагы Бузурман-Сай дарыясында суу нугунан көтөрүлүп Авлетим — Терек-Сай жолуна чыгып ички чарбалык жолду жана беш турак жайды каптаган.
Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Жашоочулар ӨКМ тарабынан коопсуз жайга көчүрүлгөн. Учурда айылдагы кырдаалды жөнгө салуу жана калыбына келтирүү үчүн үч техника тартылган.