БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жаш режиссер Акыйкат Аскаровдун "Мелдеш" аттуу тасмасы Грузиянын Батуми шаарында өткөн жаш кинематографисттердин эл аралык мектебинен мыкты аталды. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондусу билдирди.
Сынак 29-майдан 2-июнга чейин болуп өткөн. Кыргызстандын атынан барган режиссер Чолпонай Бөрүбаеванын айтымында, "Мелдеш" иш-чаранын акыркы күнү көрсөтүлүп, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында Аскаров биринчи орунга татыган.
44 мүнөттүк тасма ата-эне мээриминен эрте ажыраган 8-класстын окуучусу Темир аттуу өспүрүмдүн жашоосун чагылдырат.
Аталган фильм Кыргызстандагы абройлуу деп эсептелген "Үмүт" фестивалында да баш байгеге ээ болгон.