БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылында сууга түшүп кеткен эки жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Кечээ наристе сууга түшүп кеткендиги тууралуу кабар куткаруучуларга 19.30да түшкөн. Милиция менен куткаруучулар караңгы киргендиктен баланы издөө иштерин убактылуу токтотушкан.
Бүгүн издөө иштери улантылып саат 16.25де баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилген.