БИШКЕК, 22-май – Sputnik. Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылында эки жашар бала сууга түшүп кеткен. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Куткаруучуларга кабар 19.30да келген. Учурда туугандары, милиция менен куткаруучулар караңгы киргендиктен баланы издөөнү убактылуу токтотушту.
ӨКМ кырсык тууралуу кошумча маалымат бере элек.