00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Унаасынын дөңгөлөгү жарылган бишкектик тургун чыгымын мэриядан өндүрүп алды

© Sputnik / Табылды КадырбековВ Бишкеке водители автомобилей "переобувают" своих железных коней
В Бишкеке водители автомобилей переобувают своих железных коней - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдуллаев үчүнчү жолу арыз жазгандан кийин гана 69 күндөн соң келтирилген чыгымдын акысын алган.
Абдуллаев: арыз менен кайрылсам мэриядагылар аябай таң калышты

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкек шаарынын тургуну Бакытбек Абдуллаев ушул жылдын 10-мартында кечки саат 21.45тер чамасында Панфилов көчөсү менен түндүк тарапты көздөй кетип баратып, жолго ташталган чоң таштардын айынан машинасынын дөңгөлөгүн жарып алган. Ал жолдо оңдоо иштери болуп жатканын эскерткен эч кандай белги коюлбаганын жана жол чырактары өчүп-күйүп жакшы иштебей турганын айтат.

Абдуллаев жол оңдоочу "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы келтирилген 2300 сом чыгымды 69 күндөн кийин кантип төлөп бергенин Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

© Фото / Бактыбек АбдуллаевПанфилов көчөсүнүн боюнча тизилген таштар
Панфилов көчөсүнүн боюнча тизилген таштар - Sputnik Кыргызстан
1/2
Панфилов көчөсүнүн боюнча тизилген таштар
© Фото / Бактыбек АбдуллаевАбдуллаев ага төлөнүп берилген акчаны алды
Абдуллаев ага төлөнүп берилген акчаны алды - Sputnik Кыргызстан
2/2
Абдуллаев ага төлөнүп берилген акчаны алды
1/2
Панфилов көчөсүнүн боюнча тизилген таштар
2/2
Абдуллаев ага төлөнүп берилген акчаны алды

Дөңгөлөгүн жарып алган күндүн эртеси ал окуя болгон жерге барып, иштеп жаткан кишилерге улам-улам айтып жатып жолдун боюнда каз катар тизилген таштарды алдырган.

"Мэрияга арыз жазардан мурун келтирилген чыгымдарды төлөп бергиле десем "сен өзүң жолду карап, жакшы айдабайт белең" деп мойнуна албай коюшту. Мындай окуядан кийин Бишкек мэриясына "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы керектүү техникалык коопсуздукту сактабай иш алып баргандыгынын негизинде менин тарткан зыянымды төлөп беришин талап кылып, арыз жазып кайрылгам. Анда дөңгөлөктүн жарылганын тастыктаган фото, видео бар болчу. 30-март күнү Бишкек мериясы комиссия түзүп, келтирилген зыянды төлөп берүү чечимин чыгарып, эки күн убакыт берген. Бирок ал чечим аткарылбагандыктан 12-апрелде калаа башчысы Албек Ибраимовго Facebook баракчасы аркылуу кайрадан кайрылдым. Ал өз көзөмөлүнө аларын айтты", — деди Абдуллаев.

21-апрелде мэриядан айдын аягына чейин жарылган дөңгөлөктүн акчасы төлөнүп берилери тууралуу кат келген. Бирок комиссиянын чечими ошол боюнча аткарылбагандыктан 13-майда мэрияга кайрадан кайрылууга аргасыз болгон. Үчүнчү жолу арыз жазгандан кийин төрт күндөн соң 17-майда 2300 сом төлөнүп берилген.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын башчысы Мирлан Амантуров айдоочуга акча төлөнүп берилгенин Sputnik агенттигине тастыктады.

Изучение школьниками в Калининграде правил дорожного движения - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин тургундары айдоочуларды тартипке чакырган флешмоб баштады
"Ооба, айдоочуга келтирилген чыгымы төлөнүп берилди. Оңдоо иштери болуп жаткан жерде эч кандай жол белгилери жок болчу деп айткандары туура эмес. Биз оңдоо иштери жүргөн жерлерге атайын белгилерди коёбуз. Анан ал ремонт болуп жаткан жерге кирип кеткен. Бул жерде анын да күнөөсү бар", — деди Амантуров.

Келтирилген чыгымын өндүрүп алган Абдуллаев окуя болгон күнү — 10-мартта күн суук болгондуктан үшүп да калганын айтып, бул ишти аягына чейин чыгарууга өзүнө сөз берген. Алгач мэрияга кайрылганда мындай арыз менен буга чейин эч ким кайрылбаганын, мындай окуя биринчи жолу болуп жатканын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0